Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июну № 115/XXXIII - 1
“Кайыңды шаарынын ардактуу атуулу” наамынын Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын ардактуу атуулу наамынын Жобосун карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1.”Кайыңды шаарынын ардактуу атуулу” наамынын Жобосунун 4-беренесинин 2-пунктуна өзгөртүү киргизилсин .
-төмөнкүдөй редакцияда окулсун – “Кайыңды шаарынын ардактуу атуулу” коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн бошотулат.
2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
3.Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |
Тиркеме
Кайыңды шаардык кеңешинин
2015-ж. «______»_______________
№______________
токтому менен бекитилди
«Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу»
наамын ыйгаруу тартибинин жобосу (4 - берененин 2 – пунктуна № 115/XXXIII – 1, 2016 – жылдын 27 – июнундагы токтому менен өзгөртүү киргизилди)
1. Жалпы бөлүм
1. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамы Кайыңды шаарына өзгөчө салым кошкон, Кайыңды шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, эл аралык маданият, илимий-техикалык байланышына, жарандардын тынч жана ынтымакта жашоосун бекемдөөдө өзүн көрсөтө алган белгилүү инсандарга берүү максатында түзүлдү.
2. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамы Кайыңды шаарынын аймагында жогорку сыйлык болуп эсептелет жана Кайыңды шаарынын мэриясынын сунушу аркылуу Кайыңды шаардык кеңешинин токтому менен ыйгарылат.
2. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу комиссиясын түзүү жана ыйгарым укугун бекитүү тартиби
1. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга топтолгон документтер комиссия тарабынын каралат. Комиссиянын тутуму Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасы менен макулдашылат жана Кайыңды шаарынын мэриясынын чечими менен бекитилет. Комиссиянын тутумуна өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылык болгондо гана жүргүзүлөт.
2. Комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомдору, Кайыңды шаардык кеңешинин токтомдору жана ушул жобого таянат.
3. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруунун негиздери жана тартиби
1. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамына Кыргыз Республикасынын жарандары, кай бир учурда бөлөк мамлекеттин жарандары, Кайыңды шаарынын жана Кыргызстандын элинин алдында көрсөткөн өзгөчө салымы үчүн сунушталат. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» персоналдуу жана өмүрүнүн акырына чейин ыйгарылат. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамы кылмыш жоопкерчилигине тартылган, соттолгон, психикалык жактан ооруган жана башта ушул сыйлыгы бар жарандарга ыйгарылбайт.
2. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруунун негизи болуп төмөнкүлөр саналат:
- Райондук түзүмдөрдо, мекеме-ишканаларда 15 жылдан кем эмес үзүрлүү эмгегинин натыйжасында Кайыңды шаарынын тургундарынын арасында туруктуу жана узак мезгиден берки белгилүүлүк, Кайыңды айл өкмөтүнүн башчысы, Кайыңды кыштактык башкармалыгынын башчысы, Каыйңды шаарынын мэри, Кайыңды кыштактык кеңешинин жана Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасы, райондук, кыштактык, шаардык кеңештердин 2 жолку чакырылышынын депутаты болуп шайлангандар;
- Кайыңды шаарынын жана Панфилов районунун жыргалы үчүн эрдик көрсөткондөр;
- Кайынды шаарынын жана Панфилов районунун тургундарынын арасында Кайыңды шаарынын социалдык-экономикасына өзгөчө салымы үчүн талашсыз кадыр–баркы, бедели барлар;
-Кайыңды шаарынын жана Панфилов районунун тарыхый өнүгүүсүнө өзүнүн ишмердүүлүгү менен салым кошкондор;
3.»Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууну сунуштоого укугу барлар;
1. Кайыңды шаардык кеңеши
2. Кайыңды шаарынын мэриясы
3. Коомдук уюмдар
4. Эмгек жамааттары
5. Аймактык коомдук бирикмелер
4. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу үчүн сунушталган документтердин тизмеги Кайыңды шаарынын мэриясына тапшырылат.
5. Сыйлоо үчүн даярдалган документтерди: грамота, күбөлүк, төш белги жана башкаларды каржылоо Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинен бөлүнөт.
Сунушталган документтер наамды ыйгаруу комиссиясында каралат.
6. Комиссиянын отуруму документтер кабыл алынышына жараша өтөт жана протокол менен таризделет.
7. Комиссия документтерди карап чыгып, андан кийин тийиштүү чечим кабыл алат. Комиссиянын отурумунда «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу чечими кабыл алынат же болбосо негиздүү жүйөлөр менен чечим кабыл алуудан баш тартат. Кабыл алынган чечим тууралуу сунуштаган субъектиге маалымдайт.
8. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамына ээ болгон адамдарга Ардак грамотасы, күбөлүк, төш белги салтанаттуу түрдө, Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасы же Кайыңды шаарынын мэри тарабынан тапшырылат.
9. Күбөлүктордү, төш белгилерди даярдоого кеткен каражат Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинен бөлүнөт жана аларды сактоо милдети Кайыңды шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлөт.
10. Эгерде аталган наамга ээ болгон адам кылмыш жоопкерчилигине тартылса, комиссия ал адамды «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамынан ажыратуу чечимин чыгарууга укуктуу.
4. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулунун»
укуктары жана милдеттери
1. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамына ээ болгон жарандарга Кайыңды шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген жеңилдетүүлөр жана сыйлыктар белгиленет.
2. Ушул наамга ээ болгон адамдар томонкү өзгөчүлүктөргө укуктуу:
- Кайыңды шаарынын мэриясы жана Кайыңды кыштактык кеңеши тарабынан уюштурулган салтанаттарга чакырылууга;
- Кайыңды шаарынын аймагында жайгашкан мамлекеттик жана башка уюмдарга тоскоолсуз барууга жана алардын жетекчилеринин, же болбосо кызматчыларынын кабыл алуусунда болууга. Аларга ар кандай талап менен кайрылууга;
- кезексиз телефон койдурганга;
- Кайыңды шаарынын аймагынан жеке менчик үй курганга жер тилкесин алууга.
- “Кайыңды шаарынын ардактуу атуулу” наамына ээ болгон жаран коммуналдык кызматтарга акы төлөөдөн бошотулат.
3. Кайыңды шаарынын деңгээлинде «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамына ээ болгон адамдын юбилеи белгиленсе болот.
4. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Коомдо үлгүлүү болууга, гумандуулукту, чыдамкайлыкты, кең пейилдикти жаратууга;
- жаш муундарды тарбиялоого иштерине катышууга жана аларга жеке үлгү болууга, ата-бабалардын салтына бекем экендигин аныктоого;
- жеке эмгеги жана жүрүш-турушу менен коомдо тынчтыкты жана бейкутчулукту жолдоого милдеттүү.
5. Сунуштоочулардын милдеттери
1. Наамга сунуштаган уюм бардык талап кылынган документтерди комиссияга тапшырат.
«Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамынын макамын көтөорүү максатында, наамга ээ болгон адамдын үйүнүн сыртына «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» деген атайын такта ошол адамдын толук аты-жөнү менен мамлекеттик жана расмий тилде илинет.
2. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамын Кайыңды шаарынын аймагында жашабаган жана Панфилов районунда иштебеген адамдарга ыйгарууга катуу тыйуу салынат.
3. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамына ээ болгон адамдар бул сыйлыкка аяр мамиле кылуусу зарыл. Сыйлык бир гана жолу ыйгарылат. Дубликаттар берилбейт.