РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 625-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 315-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин) буйругу

Редакция23.12.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 23-декабры № 625-б

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 203 Жарлыгы менен бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 315-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планынын 6.4-пунктунда:

- "Чаралар/аракеттер" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Бүтүрүүчүлөрү тийиштүү билим деңгээли жана квалификациясы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ ала турган светтик билимге жана диний компонентке ээ колледждин пилоттук моделин түзүү";

- "Күтүлүүчү натыйжалар/индикаторлор" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Окугандар сапаттуу светтик жана диний билим алышат. Колледждин бүтүрүүчүлөрү светтик жогорку кесиптик же диний багыттагы билим берүү уюмдарында окуганга мүмкүнчүлүк алышат".

 

Премьер-министр

Т. Сариев