Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-июну № 59
“Александровка айыл аймагынын чегиндеги манистралдык газ түтүктөрүнүн сымдарынын курулушу үчүн мамлекеттин менчигинде турган жер участкаларын убактылуу колдонууга берүү жөнүндө”
“ГеоСтройПроектАзия” ЖЧК катын карап чыгып, “Газпром Кыргызстан” ЖЧК кызыкчылыгын колдонгон, Президент менен бекитилген 2013-жылдын 23-декабрындагы № 223 Кыргыз Республикасынын “Табигый газды Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо туралуу” Мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык, Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Александровка айыл аймагынын чегиндеги магистралдык газ түтүктөрүнүн сымдарынын курулушу үчүн мамлекеттин менчигинде турганжалпы аянты 1,4 га жер участкаларын “Газпром Кыргызстан” ЖЧК убактылуу колдонууга берилсин.
2. “Газпром Кыргызстан” ЖЧК Александровка айыл аймагынын чегинде мамлекеттин менчигинде турган жер участкаларын газ түтүктөрүнүн сымдарынын курулушун арендаторлорго айыл чарба өндүрүшүндө коромжуну эсепке алуу менен компенсация төлөп бергенден кийин өткөрсүн.
3. Магистралдык газ түтүктөрүнүн сымдарын курууда мындан ары турак жайларды газдаштыруу үчүн Александровка айыл өкмөтүнө жакын жайгашкан Александровка, Беш-Көрүк, Крупский айылдарына газ түтүктөрүнүн сымдарын тартсын. “Газпром Кыргызстан” ЖЧК нын газ түтүктөрүнүн сымдарынын курулушу аяктагандан кийин түшүмдү көп берүүчү жерлерди алгачкы калыбына келтирип, жер колдонуучуларына кийинки колдонууга кийин өткөрүп берсин.
4. “Газпром Кыргызстан” жер участкаларын максаттуу колдонууну Москва райондук мамлекеттик администрациясы жана башка архитектура,айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгы менен макулдаштырсын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Ш.И. Ягузов |