Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-февралы № 23/7
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында эпизотикалык абалды турукту кармоо жөнүндө
“Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген “Акы төлөнүүчү кызматтарга (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) түзүү ыкмасы жөнүндө” жобонун жана Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмүнүн 8-апрель 2014-жылдагы № 4/21 буйругунун негизинде Талды-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдин жеке менчик малдарын (бруцеллез, шарп, эхиноккоз, оспа) ж.б. жугуштуу ооруларды болтурбоо максатында өз мезгилинде эмдөөлөрдү жасап туруу жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору Т. Султановго тапшырылсын.
2. Айыл арасындагы жолбун иттерди атып жок кылып туруу, атылбаган иттерди ревакцинациядан өткөрүп, алвеококкоз, эхинококкоз ооруларына каршы препратор менен дарылап турууну Талды-Суу айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору Т. Султановго милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы жугуштуу ооруларга каршы вакциналар менен камсыздап туруу жагы Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Т. Шерботоевден суралсын.
4. Ар бир айылдын тургундары өзүнүн карамагындагы малдарын өз убагында эмдөөдөн өткөрүп туруу жагы жана ветеринардык кызмат акысын белгиленген прескурант боюнча төлөнүп берүү жагы милдеттендирилсин.
5. РВФКББнын ит кармоо боюнча берилген сунушу бекитилип берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жана Талды-Суу айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору Т. Султановго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Абдраманов |