ТоктомКүчүндө

Талды-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 18-февралындагы № 23/9 «Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга карата» токтому

Редакция18.02.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талды-Суу айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIII заседаниеси

 

2016-жылдын 18-февралы № 23/9

Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга карата

«Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 3-пунктуна ылайык Талды-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга карата сметасын бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмеси бир жылда бир жолу Талды-Суу айылынын элине отчет берип туруу жагы каралсын.

 

Төрага

Б. Абдраманов

 

 

 

 

Тиркеме

“БЕКИТЕМИН”

____________Б. Абдраманов

Талды-Суу айылдык кеңешинин

4-чакырылышынын 23-заседаниесинин

№ 23/9 токтому менен бекитилген

 

 

Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга карата

БЮДЖЕТИ

 

Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын статистикалык отчету боюнча алынган малдын саны.

№

Малдын башы

башы

Малдын башына байланган сумма

Жалпы сумма

1

Жылкы

614

60сом

36840

2

Ири мүйүздү малдар (КРС)

712

60 сом

42720

3

Кой эчки

5352

20 сом

107040

 

жалпысы

186600

 

Жалпы жайытка чогула турган акчанын суммасы:186600

№

Малдын башы

Шартуу малдын башы

Малдын башы

Жердин аянты

Жалпы жердин аянты

1

Жылкы

1

614

614

614

2

Ири мүйүздү малдар (КРС)

1

712

712

712

3

Кой эчки

0,2

5352

1070,4

1070,4

 

жалпысы

2396,4

2396,4

 

Жалпы пайдаланган жердин аянты:2396,4

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин пайдаланган 2396,4 гектар жер үчүн бир гектарына 3,9 сомдон айыл өкмөтүнүн эсебине которулуп берилет.

 

Чыгашалар бөлүгүнүн сметасы.

1. Айыл өкмөтүн эсебине 2396,4 гектар жер үчүн бир гектарына 3,9 сомдон жер салыгы үчγн которула турган акча - жалпы 9347 сом.

2. Талды-Суу айыл өкмөтүндөгү айыл чарбасындагы арык каналдарды, ички жолдорду оңдоого чыгымдала турган акча каражатты – жалпысы - 95,184 сом.

3. Чогулган акчанын 40% (пайызы) эмгек акысы жана башка чыгымдарга сарптала турган акча - жалпысы - 82069 сом.

4. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бир жылдык эмгек акысы боюнча маалымат - жалпысы-82069 сом.

5. 6 айга эмгек акы төлөнөт.

Анын ичинен:

А) ЖПБ төрагасы - 1айга 5294 сом эмгек акы х 6 айга = 31761 сом.

Б) эсепчисине - 1 айга 3529 сом акы х 6 айга = 21176 сом.

Жалпысы - 52937 сом.

 

Башка чыгымдарга чыгымдала турган акчалар.

А) соц фондуна                 9132 сом

Б) канц товарга                 5000 сом

В) сапар чыгымдарга            5000 сом

Г) транспортук чыгымдарга       5000 сом

Д) башка чыгымдарга            5000 сом

Жалпысы - 29132 сом.

 

Түзүлгөн:                       Б. Доорбеков.