Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 5
Чоң-Сары-Ой айыл ѳкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин айлык маянасына кошумча акча-каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын баш оона айынын 21деги № 165 «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынынын 28-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген 8 сааттан ашык иштегендиктери үчүн, ошондой эле коммуналдык чыгымдардын, анын ичинен электр энергияга болгон төлөмдөрдүн кымбаттагандыгына байланыштуу, айыл ѳкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерин социалдык жактан колдоо максатында, айыл ѳкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпированын айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Сары-Ой айыл ѳкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин кызмат акыларына кошумча 30% пайыз өлчөмүндө акча-каражаты кошуп берүү жагы каралсын. (Тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы У. Абдыкалыковго жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Абдырахманов |
Тиркеме
№ | Аты жөнү | Кызмат ордунун аталышы | Кайсы кызматта |
1 | Абдыкалыков У | Айыл ѳкмѳтγнн башчысы | Башчысы |
2 | Исанаева Н | Жооптуу катчы | Жооптуу катчы |
3 | Учкемпирова Ж | Бѳлγм башчы | ФЭБ-башкы эсепчи |
4 | Бозгорпоев Э | Башкы адис | Жер. адис |
5 | Сулайманова Г | Башкы адис | Соц. кызматкер |
6 | Токтобаева Т | Башкы адис | Эсепчи |
7 | Шамшидинов Э | Башкы адис | Киреше боюнча адис |
8 | Жанузаков Ж | Жетектѳѳчγ адис | Юрист |
9 | Алыбаев Д | Жетектѳѳчγ адис | экономист-статист |
10 | Узбеков Н | Жетектѳѳчγ адис | эколог |
11 | Орунбаев Б | Инспектор ВУС | ВУС |
12 | Иманбекова Н | Инспектор ВУС | Салык инспектор |
13 | Сатаров Н | Инспектор ВУС | ВУС |
14 | Боромбаев Ж | Адис | Салык инспектор |
15 | Жунушалиева З | Адис | Иш жүргүзүүчү |
Чон-Сары-Ой айыл
ѳкмөтүнүн башчысы: У. Абдыкалыков