Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-марты № 28/2
2016-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыттардын айыл аймагынан сырткаары келген жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ
" Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ" Мыйзамынын 4-беренесинин жана "Жайыттар жѳнүндѳ" Мыйзамынын 4-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жѳнүндѳ" 2013-жыл 13-сентябрындагы № 515 токтомунун негизинде жайыт пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүγ жѳнүндѳ Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрайымы Ч. Алжанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого алып чыккан малдардын акылары тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин.
1. Кой-эчки - 12 сом
2. Жылкы - 60 сом
3. Уй - 60 сом
4. Эшек - 60 сом
2. 2016-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан тышкары келген жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого чыккан малдардын акылары тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин.
1. Кой, эчки - 24 сом
2. Жылкы - 120 сом
3. Уй - 120 сом
4. Эшек – 120сом
3. 2016-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан жайыттарын кыйыр пайдалануучуларына жайыт акылары (туризм багытында) ар бир боз үйгѳ 3000 сом, соода-сатык вагондордон түшкѳн жайыт акы кв. метрине 350 сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э. Моңкоев жана жайыт комитетинин тѳрагасы Ч. Алжанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Буканбаев |