Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-майы № XXXVI-1
Ноокат шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адисинин 2015-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө
Калкты социалдык мобилизациялоонун негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү тактоо жана бул багытта атуулдарды колдоо боюнча жаңы формаларды иштеп чыгуу жана аларды жайылтууда Ноокат шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адисинин билдирүүсү жөнүндөгү маселени шаардык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт-туризм өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,6-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адисинин билдирүүсу эске алынсын. (билдирүү тиркелет)
2. Ноокат шаар мэриясынын аймагында жашаган атуулдардын социалдык абалын жакшыртууга ар тараптуу иш чараларды өткөрүү шаар мэриясынын социалдык иштер боюнча бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт туризм өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |
Тиркеме
Ноокат шаарынын аймагында жашаган атуулдардын социалдык абалы жана аларга көрсөтүлгөн жардамдар жөнүндө сиздерге төмөндөгүлөрдү билдиремин.
Ноокат шаарынын аймагында 2304 үй-бүлөѳ, 15463 калк жашайт, алар 4 айылга бөлүнгөн, аймакта 4 мектеп иштеп, аларда 3933 окуучу окуйт, окубай калган бала жок, ошондой эле 4 бала бакчада 861 бала тарбияланат, 31 тарбиячы эмгектенет. Аймакта 1571 пенсионер, пособие 475, 54% жакыр үй-бүлөѳнү түзөт.
Ноокат шаар мэриясынын Социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн 2015-жылга бекитилген бюджетинин эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 281 жана 2006-жылдын 23-августтагы № 605 токтомунун 3-бөлүмүнүн 8-тиркемесине, 2010-жылдагы жана андан кийинки чыккан токтомдорго, мыйзамдарга ылайык керектелүүчү акча каражаты сметага ылайык 733951 сом акча каражаты каралып берилген.
Акча каражатынын сарпталышы шаардык мэриянын токтомдору аркылуу статусу бар атуулдарга түзүлгөн иш-чаралардын негизинде берилет, атап айтканда бүгүнкү күнгө чейин календардык майрамдарга каралган Улуу – Ата мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, Ооган согушунун ардагерлерине, ВИЧ-СПИД инфекциясына кабылгандарга, Баатыр энелерге, тоголок жетим балдарга, жалпы оорулууларга, балалыгынан майып болгондорго, кургак учук менен ооругандарга Кыргыз Республикасынын 2006-жылдагы № 605 токтомуна ылайык акчалай жардамдар көрсөтүлүп келе жатат.
Жогорудагы жумуштарды аткарып алып барууда бүгүнкү күнү ушул жерде олтурган депутаттар, жетекчилер, ТОС башчылары, көчө комитеттери, коомдук уюмдар ар дайым бизге жакындан жардам беришүүдө, аларга ыраазычылык билдирүү менен ырахматымды айтамын.
Сөзүмдүн акырында шаардык кеңештин мындан аркы ишине ийгилик каалайм.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат.