Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-майы № XXXVI-2
Ноокат шаар мэриясынын аялдар кеңешинин төрайымы К. Тагаеванын билдирүүсү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясында каада-салт, үрп-адаттар, ырым-жырымдарды, майрам-салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү жобонун аткарылуусу боюнча Ноокат шаар мэриясынын аялдар кеңешинин төрайымы К. Тагаеванын билдирүүсү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдардын иштери маселелери боюнча Ноокат шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Ноокат шаардык кеңеш инин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын аялдар кеңешинин төрайымы К. Тагаеванын билдирүүсү эске алынсын (билдирүү тиркелет).
Төрага | А. Гафаров |
Тиркеме
Ноокат шаары 26-май 2016-жыл
Саламатсыздарбы Урматтуу президум жана бүгүнкү сессиясынын катышуучулары.
Аялдар кеңешинин өздүк курамы 12 кишиден түзүлүп, 2016-жылга иш-чара иштелип чыгып шаар мэри тарабынан бекитилген.
Аялдар кеңеш инин жалпы курамы, КААБ мүчөлөрү , жаштар комитети, дин лидерлери, активист тургундар, мектеп жана бала-бакчалардын жетекчилери, γй-бүлөлүк дарыгерлер тобу “Барын” жана “Медигос” борборлорунун тиешелүү дарыгер-врачтары, АДК мүчөлөрү , ФАПтар, аймактык тескөөчү инспекторлору, ИДН инспектору менен биргеликте каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды майрам-салтанаттарды тартипке келтирүү жана уюштуруп өткөрүү тартиптери жөнүндөгү жобонун аткарылуусу боюнча жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жер-жеринде жүргүзүп иш чараларды өткөрүп келебиз.
Аялдар кеңеши, Ноокат шаарындагы “Барын”, ”Бостон”, ”Кара-Турпак”, “Таштак” кварталдарынын ТОС башчылары А. Маткосимов, М. Максимова, В. Ганиев, Тенизбай уулу Турусбек, дин лидерлери Турсуналиева Тавакалхан, Насридинова Майрамхон, Шералиева Насибахан, Мирзаева Шахидалар жана квартал комитетиндеги аялдар кеңешинин төрайымдары, Шамшиева Розихан, Абдразакова Акмарал, Мамадалиева Хамида, көчө комитеттери Эрматова Хавахон, Имамова Бусара, Арапова Гулбаралар менен биргеликте такай иш алынып барылат.
Каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды, майрамдык-салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү жобону аткарууда – Ноокат шаар мэриясынын аялдар кеңеши өздүк курамы менен биргеликте көп улуттуу калкыбыздын улуттар аралык биримдигин, ынтымагын бекемдөө менен коомубуздагы жат көрүнүштөргө каршы күрөш жүргүзүү ысырапкерчиликке жол бербөө, үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөө, жаш өсүп келе жаткан муундарыбызга сергек жашоого багыт берүү менен өз өлкөсүн сүйгөн, мекенчил патриот болууга тарбиялоого үндөп келет. Бул милдеттерди турмушка ашырууда жалпы коомчулук биргеликте чогуу аркеттенип иш жүргүзүүбүз бүгүнкү күндүн зарылчылыгы.
Ысырапкерчиликти ооздуктоо, улуттук каада-салттарыбызды тартипке келтирүү менен биз ак эмгек менен тапкан каражаттарыбызды үнөмдүү, сарамжалдуулук менен пайдаланууга көнүшүбүз зарыл.
КР мыйзамдарынан жана мыйзам актыларынан, КР дин тутуу эркиндиги боюнча мыйзамынын жана 2010-жылдагы дин комиссиясынын типтүү жобосунан, ыйык куранда жазылган аяттардан жана Пайгамбарыбыз Мухаммед САВ хадистеринде жазылган сөздөрүнүн алынып, ал коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк үрп адаттарды, этностук ырым жырымдарды жана коомдо жаныдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирет жана андагы зыяндуу ашыкча убарагерчиликти, ысырапкерчиликти, ыгым-чыгымды жоюу менен жарандардын үй-бүлөлөрүнүн экономикалык–социалдык жактан корголушун камсыздап, улуттук рухий маданияттын чыныгы баалуулуктарын аруулап таанууга, сактап калууга, элдик каада салттарды урматтоого негиз болот.
Баланы үйлөндүрүү, (келин алуу) , кыз узатуу, сүннөт той, бешик той, бала төрөлгөндө акыйка кылуу, маркумду узатуудагы ашыкча бидаяттар, элдик салтта орду жок кийинки кездерде келип чыккан абысындар отурушу, бажалар отурушу, туугандар отурушу, ажылар отурушу, кудалар отурушу, жаш келиндер отурушу,туулган күндү белгилөө, алиппе майрамын белгилөө, ”Акыркы конгуроо”, классташтар отурушу, 50 жаш, 60-жаш, күмүш той сыяктуу жөрөлгөлөрдү белгилеп өткөрүүдө ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөөгө түшүндүрүү иштери жергиликтүү ТОС башчылары, активдердин кийилигишүүсү менен өткөрүлүүдө.
Yйлөнүү тою эки жашка тен мыйзамда уруксат берилген никелик куракка жеткенде, өз ыктыярлары менен эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүүдө. Бүгүнкү күндө үйлөнүү тойлордо ЗАГСка 5 гана автомашина чыгуусу зарыл же болбосо бир жетектөөчү автомашина жана бир же эки даана “Спринтир” микроавтобус машинасы чыгуусу белгиленген.
КР Кылмыш-Жаза кодексине, КР Жазык-процесстик кодексине жана КР Административдик жоопкерчилилик жөнүндөгү кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилип, КР Кылмыш-жаза кодексинин 281- статьясында каралган “транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу” кылмышы жасалганда кошумча жаза катары колдонулат.
Андан тышкары, КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси “Автобейбаштык” деген 249 жаңы статья менен толукталат. Мында автотранспорт каражатынын айдоочусунун же транспорт каражатында болгон адамдардын коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын көз көрүнө бузган, коомго карата даана сыйлабастыкты билдирген, жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерин бузуу менен коштолгон атайын аракети , ошондой эле бештен ашык тарнспорт каражатынын үйлөнүү үлпөт коллоннасындагы тарнспорт каражатынын кыймылы автобейбаштык катары каралган.
Бул боюнча Ноокат шаар кварталдарынын ТОС башчылары, аялдар кеңешинин төрайымдары ар бири өз аймактарында айылдын активистери менен бирге ошол аймактагы үйлөнүү тоюн өткөрө турган той ээлери менен жолугуп атайын иштелип чыккан жобонун негизинде иш алып баруусун эскертип, чыгарылган жобону аткаруу тууралуу маалымат беришип келет. Натыйжада ашыкча автомашина, ашыкча чыгымдар кыскартылат. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык тойлорду кафе-ресторандарда өткөрүү салттуу көрүнүшкө айланган. Ал эми колунда бар жарандарыбыз өздөрү каалагандай эле той өткөрүп жатканы жашыруун эмес, ашыкча чыгымдарга жол берилип, жогоруда чыгарылган жобо эске алынбастан кээ бир транспорт каражаттарынын ээлери ашыкча айыпка да кириптер болгондору жок эмес.
Аялдар кеңеши бекитилген иш-чаралардын негизинде шаарыбызда каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды майрам-салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү жобонун аткарылуусу боюнча бир жолу райондук семинар уюштуруп өткөрдү, “Y/й-бүлѳө мамлекеттин ячейкасы”, ”Миграциянын кыз балдарга жана үй-бүлөѳгө тийгизен таасири “- деген темада театр форумдарын, “Аялдардын үй-бүлөѳлүк бюджетке кошкон салымы”, “Демилгелүү ишкер айым”, ”Укугубузду коргойбуз”, ”Тынч жамаат”, мектеп окучуларынын арасында кыз балдардын эрте турмушка чыгуусунун алдын алуу максатында “Нике“ – деген эмне деген иш чараларды төгөрөк столдордук өткөрүп моралдык жактан жашоочуларыбызга жардам көрсөттүк.
Ошондой эле “Эл аралык толеранттуулук үчүн” Коомдук Фонду менен максаттуу иштөө багытында шаар аймагындагы кварталдарда жашоочу жаш үй-бүлөѳлөр арасында “Мекеним менин Кыргызстан, Тил билсен – дил билесин” аттуу темада атайын иш-чара түзүп, иш чаранын максатында конкурс жарыяланып атайын критерия боюнча даярданган үй-бүлөѳлөрдүн сынагын шаар тургундарынын көрүүсү алдында уюштуруп өткөрүп женүүчүлөргө 1,2,3 орундар жана кызыктыруучу белектер б.а. үй-тиричилигине керектелүүчү белектер тапшырылды.
Ошондой эле “Эл аралык толеранттуулук үчүн” Коомдук Фонду менен бирге иш алып баруунун натыйжасында ушул фондун алдындагы “ Мутакаалим” Кыргызстанда этностор аралык тынчтыкты куруу максатындагы көп сектордуу кызматташтык” долбоорунда дин тутуу жана диндин таасирлери - деген темада Ош шаарында уюштурулуп өткөрүлгөн тегерек стол, тренинг – семинарларга шаарыбыздагы дин лидерлери, атинча аялдар, имам хатибдер , облустук жана Кыргызстан мусулмандар казиятынын өкүлдөрү менен бирге катышып атайын сертификаттарды алынды.
“Эл аралык толеранттуулук үчүн” көп секторлуу Коомдук Фондунун долбоорунун алкагында мектеп жана медересе окуучулары менен биргеликте “Келечек балдардын көз карашында” аттуу темада балдардын ыр жана дил баян жазуу жана сүрөт тартуу боюнча конкурсу жарыяланып жыйынтыгы Ош шаарынын балдардын чыгармачылык борборунда атайын жаштар кечеси өткөрүлүп, жогоруда аталган шаар аймагындагы жана районубуздагы бир топ мектептеринин жана Ноокат шарындагы “Көркөм сүрөт жатак” мектеби, Сулайман Тоо шаардык кеңешинин, Кара-Суу районунун, Араван районунун мектептеринин билимдүү жана таланттуу окуучулары катышып алдынкы орундарга жетишип Ноокат шаарынан жана райондон барган алты мектептин жетекчилигине атайын баалуу фотоапараттар, алдынкы орунга татыктуу болгон төрт окуучуга сапаттуу колдонулуучу чөнтөк телефондору тапшырылган.
Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты Куруу Фондунун колдоосу астында Бирикен Улуттар Уюмунун Калк Фондунун (ЮНФПА) “Кыргызстанда этностор аралык тынчтыкты куруу максатындагы көп сектордуу кызматташтык” долбоорунун алкагында максаттуу 23 жамааттарынын аймагындагы мектеп, медересе окуучулары менен биргеликте тынчтыкты курууга багытталган жаштар форум-фестивалдары жана ушул долбоордун финалдык жолугушуу кечеси Бишкек шаарында өткөрүлүп биринчи орунду Ноокат шаарынын Крупская мектебинин окутуучусу, мектептин кыздар кеңеш инин төрайымы К. Калыкулова эжеке даярдаган 7-класстын окуучусу Талантбек кызы Нурзия утуп алып алдынкы сыйлыктар менен сыйланып атайын сертификаттар алынды.
Бүгүнкү күндө аялдар кеңеши шаар тургундары, мектеп директорлору,
ТОС башчылары, шаар мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте такай иш алып келүүдө.
Көнүл бургандарыныздарга чон рахмат.