Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-майы № XXXVI-3
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Коммунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Коммунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери боюнча «Ноокат Коммунальщик» акционердик коомунун жетекчиси А. Кадировдун отчетун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,6-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ноокат Коммунальщик» акционердик коомунун жетекчиси А. Кадировдун отчету канааттандыраарлык деп табылсын (отчет тиркелет).
2. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Коммунальщик” ишканасынын “ Биз таза шаар үчүн” деген атайын акциясы уюштурулуп, өткөрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Гафаров |
Тиркеме
Ноокат шаары 26.05.2016 ж.
«Ноокат-Коммунальщик» акционердик коому кѳп убакыттардан бери ѳзүнүн бир топ кемчилдиктерине карабастан Ноокат элине кызмат кѳрсѳтүп келүүдѳ. «Ноокат-Коммунальщик» акционердик коомунда 3 катуу типтеги акыр-чикир ташуучу унаа, 1 катуу типтеги акыр-чикирлерди жүктөөчү трактор, 1 суюк типтеги акыр-чикир ташуучу унаа, кѳчѳлѳрдү жуучу жана дарактарды, гүлдѳрдү, газондорду сугаруу үчүн 1 трактор бар.
«Ноокат-Коммунальщик» акционердик коомунун кызматкерлери Ноокат шаарынын тазалыгы жана кѳрктѳнүүсү үчүн кызмат кылып келе жатышат.
«Ноокат-Коммунальщик» акционердик коомуна 2015-жылдык бюджетке Шаардык мэрия тарабынан 5761,9 миӊ сом, өз каражатынан же болбосо элден, мекеме-ишканалардан жыюу үчүн 343,7 миӊ сом каралган, бардыгы болуп бюджет 6105,6 миӊ сомду түзѳт.
2015-жыл ичинде Ноокат шаарынын тазалыгын сактоо максатында күнүнө 5-6 рейс, жалпысынан 1091 рейс катуу типтеги таштанды, 194 рейс суюк типтеги акыр чикирлер турак-жайлардан, бала бакчалардан жана мектептерден ташылды. Т-40 трактору менен көчөгө суу себүү жана асфальттарды жууп, отургузулган жаӊы көчөттөргө, парктын гүлдөрүнө суу куюлуп бардыгы болуп 783 рейс суу ташылган. Шаардын көчөлөрүнүн четиндеги 361 м³ арыктар тазаланды, шаарда 2015-жылдын жаз мезгилинде тазалык жумалыктары уюштурулуп , Биздин акционердик шаарыбыздын тазалыгына активдүү катышты.
Ар бир майрамдык салтанаттарды өткөрүү үчүн көчөлөрдү кѳркѳм жасалгалоо иштерине 384169 сом акча жумшалды. Көчөлөрдү түнкүсүн жарыктандыруу үчүн 863447 сомдук электр энергиясы сатып алынды. Шаардын борбордук айлампасына жана парктын ичине гүл кѳчѳттѳр отургузулду жана көчөлөрдүн боюндагы дарактар акталды.
Бардык акыр-чикирлерди тѳгүүчү жерди (свалканы) зыянсыздандыруу жана кѳмүү үчүн 50000 сом акча каражаты жумшалды. Турак-жайлардагы суюк типтеги акыр-чикирлер топтолуучу чукурду реконструкциялоо үчүн 71729 сом акча каражаты жумшалды. 75819 сомдук түнкү жарыткычтар алмаштырылды жана орнотулду, 3750 сомдук светодиод прожекторлор орнотулду. Т-40 суу себүүчү трактор суусун толдуруучу жерди (водоотвод) ремонттоо үчүн 26440 сом жумшалды.
«Ноокат-Коммунальщик» акционердик коому Ноокат шаарынын тазалыгык камсыз кылуу максатында ишканалардан сырткары үй-кожолуктар менен да акыр-чикирлерге келишим түзүп иштеп келетат. Ошондуктан «Ноокат-Коммунальщик» акционердик коомунун тарыхында биринчи жолу 2014-жылы борбордук Ноокат соода базар кооперативынан 2015-жылдын эсебинен 300000 сом карыз алып бир 319000 сомдук 1 тележка сатып алды. Алынган карыздан 2015-жылдын октябрь айына чейин кутулдук. Ноокат шаардык мэриясы жана муниципалдык менчик башкармасынын демилгеси менен 2015-жылда “Табигатты коргоо жана ормон кожолугун ѳнүктүрүү фондунан” Белорус МТЗ-82.1 тракторун фронталный погрузчиги менен проекттин негизинде утуп алдык. Аталган техника «Ноокат-Коммунальщик» акционердик коомунун бир топ кыйынчылыктарын жеңилдетти.
Эӊ негизги орчундуу маселе техниканын жетишсиздиги. Депутаттар АРИСтен проект мененалып берген техникаларга 10 жылдай болуп калды, эскилиги жетип калган, тез тез бузулуп турат, тетиктер табылышы кыйын, ошонун эсебинен 2-3 кун туруп калат, негизги иштеп жаткан 6 техника бар. Жалпысынан АООТ «Ноокат-Коммунальщик» ишканасын иштерин аткаруу үчүн 10 техника. Азыркы күндө АООТ «Ноокат-Коммунальщик» бар, ишканасынын балансында төмөнкү 6 техника бар.
ГАЗ-53 АС автомашина 1990-жылы чыккан, бүгүнкү кундө жараксыз.
ЗИЛ-130 водовоз 1971-жылы чыккан, бүгүнкү күндө иштейт, моторун капиталдык ремонт кылуу керек.
Т-40 водовоз, 1988-жылы чыккан, иштейт.
Т-28 трактор тележкасы менен, капиталдык ремонт кылуу керек.
КАМАЗ автомашинасы 1989-жылы чыккан, бүгүнкү кундө жараксыз.
МТЗ 82-1-14 трактор тележка 2014-жылы чыккан, бүгүнкү күндө иштейт.
Ноокат шаардык мэриясынын балансында туруп, келишимдин негизинде иштеген техникалар төмөндөгүчө:
МТЗ 82-1 трактор тележка 2007-жылы чыккан, бүгүнкү күндө иштейт.
ГАЗ 3309 АС автомашина 2007-чыккан, бүгүнкү күндө иштейт, капиталдык ремонт талап кылат.
ГАЗ 3309 КО автомашина 2011-чыккан, бүгүнкү күндө иштейт.
МТЗ 82-1-15 трактор погрузчик 2015-жылы чыккан, бүгүнкү күндө иштейт.
АООТ «Ноокат-Коммунальщик» ишканасы шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү иштери, майрамдык иш чараларды уюштурууда бир топ иштерди аткарууда. Райондун, шаардын аймагында жарыяланган ишембиликтерге активдүү катышу менен шаарыбызды социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келүүдө.
Учурда «Ноокат-Коммунальщик» акционердик коому ар-түрдүү акыр-чикирлерди ташуучу, жолдорду жуучу жана кѳтѳрүүчү (подъемник) атайын техникаларын алуу үчүн табигатты коргоо жана ормон кожолугун ѳнүктүрүү фонду менен долбордорун иштеп жатышат.
АООТ «Ноокат-Коммунальщик»
акционердик коомунун жетекчиси: А. Кадиров