Загрузка документа…
ТАШ-КѲМYР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-марты № 12
“Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар кеңеши жѳнγндѳгγ Жобону бекитγγ жѳнγндѳ”
Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар кеңеши жѳнγндѳгγ Жобону бекитγγ тууралуу шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы С. Бабатаевдин билдирγγсγн угуп жана талкуулап Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги 36- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар кеңеши жѳнγндѳгγ Жобону бекитγγ тууралуу шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы С. Бабатаевдин билдирγγсγ эске алынсын. /Жобо тиркелет/
2. 14.03.2008-жылдагы Таш-Кѳмγр шаардык кеңешинин кезексиз 23-сессиясында кабыл алынган «Ташкѳмγр шаардык депутаттар кеңеши жѳнγндѳ Жобо» жокко чыгарылсын.
3. Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар кеңеши жѳнγндѳгγ Жобосу бекитилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизγγ жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтγγ массалык маалымат каражаттарында жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (С. Бабатаев) жγктѳлсγн.
Төрага | М.С. Кулдышев |
Тиркеме
«Бекитилди»
Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар
кеңешинин 26-чакырылышынын
кезектеги 36-сессиясынын № 12
токтому 04-март 2016-жыл
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу боюнча мыйзамына ылайык Таш-Кѳмγр шаардык кеңеши - жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруунун жогорку шайлануучу ѳкγлчγлуктγγ бийлик органы жана ѳзγнγн штамп, мѳѳрγ, символикалык белгилери бар баракчасы жана озунун расчеттук эсеби бар юридикалык жак болуп эсептелет.
Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар кеңеши шаардын аймагындагы бирдиктγγ шайлоо округдарынан жана тийиштγγ аймакта жашаган жарандардан жашыруун добуш берγγ менен жалпы, тең жана тике шайлоонун негизинде жергиликтγγ кеңештердин депутаттарын шайлоо жана алардын статусу жѳнγндѳ мыйзамдарда белгиленген тартипте 4 жылга шайланган 31 депутаттан турат. Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар кеңеши (мындан ары - кеңеш) жана анын органдары ѳздѳрγнγн ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана башка укуктук нормативдик актыларга, шаардын Уставына жана шаардык кеңештин Регламентине ылайык алып барат.
Шаардык кеңештин шайланып келген депутаттары депутаттык фракцияларга (мындан ары- фракция) биригишет. Бир нече фракциялар коалиция тγзγшγ мγмкγн. Депутаттык мандаттын жарымынан кѳбγнѳ ээ болгон фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңештеги кѳпчγлγк болуп эсептелет. Шаардык кеңеш фракциялар коалициясы тγзγлгѳндγгγ тууралуу официалдуу маалымдайт. Ал эми коалицияга кирбей калган фракциялар шаардык кеңештеги азчылык болуп эсептелет. Азчылыктын фракцияларына же фракциялардын коалициясына бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы берилет. Депутаттык фракциялар бирдей укукка ээ. Депутаттык фракция депутаттардын чечими боюнча тγрдγγ убакыттарда тγзγлγшγ мγмкγн. Фракция Шаардык кеңештин тѳрагасына депутаттык фракция тγзγγ тууралуу аталышы, курамы жана жетекчинин аты жѳнγн кѳрсѳтγγ аркылуу арыз менен сунуштайт. Депутаттык фракция тγзγγ тууралуу арызга фракциянын бардык мγчѳлѳрγ кол коюшат. Фракцияны регистрациядан ѳткѳрγγ аны тγзγγ тууралуу кат тγрγндѳ билдирγγ келгенден баштап эки (2) жумуш кγнγнѳн кечиктирилбей каралат. Шаардык кеңештин депутаты бир гана фракцияда болууга укуктуу. Фракция Регламентке ылайык регистациядан ѳтпѳгѳндѳ фракциянын укуктарынан пайдаланбайт. Фракциянын иштѳѳ тартибин фракция ѳзγ аныктайт. Фракция мэрдин кызматына талапкерди кѳрсѳтγγгѳ укуктуу.
Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы сессия болуп эсептелет. Сессияларды ѳткѳрγγнγн тартиби жана мезгилдγγлγгγ кеңештин Регламенти тарабынан аныкталат.
Жаны шайланган кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылыштагы кеңештин тѳрагасы тарабынан тиешелγγ кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган кγндѳн тартып эки жумалык мѳѳнѳтγнѳн кечиктирилбестен чакырылат. Шаардык кеңештин биринчи сессиясын кеңештин депутаттарынын курагы боюнча эн улуу депутат ачат.
Кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес ачык жана кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде γчтѳн биринин талабы менен ѳткѳрγлѳт.
Кеңештин сессиясынын ишмердγγлγгγ мыйзамдуу, коллегиялуу, саясий кѳп кырдуу жана кѳп партиялуулуу, ачык айкындуу, маселени талкууда эркин суйлѳѳ, чечим кабыл алуу принцибинде ишке ашырылат.
Шаардык кеңештин ыйгарым укуктарын жγзѳгѳ ашыруу, ишмердγγлугγ, аны уюштуруу маселелери, сессияны чакыруу жана ѳткѳрγγ, шаардык кеңештин органдарын тγзγγ, ошондой эле анын кѳзѳмѳлдѳѳ ишмердигинин тартибин жана процедурасын шаардык кеңештин регламенти аныктайт.
Шаардык кеңеш жергиликтγγ бюджеттен каржыланган каржылоо булактарына жана мγлктγк укуктарга ээ боло алат.
Шаардын аймагындагы жергиликтγγ маанидеги бардык маселелер кеңештин чечими аркылуу каралып, жѳнгѳ салынып турат.
Кеңеш менен мэрия ѳз-ара мамилелерин ѳзγлѳрγнѳ мγнѳздγγ, мыйзам тарабынан белгиленген ыйгарым укуктардын жана милдеттердин бѳлγнγшγнγн негизинде алып барат. Мамлекеттик бийлик органдары кеңештин компетенциясына кирген маселерди чечγγгѳ кийлигγшγγгѳ укуксуз. кеңеш мамлекеттик администрациянын компетенциясына кирген маселерди чечγγгѳ кийгилишγγгѳ укуксуз.
Шаардын таламдарын кѳздѳгѳн маселелер боюнча кеңеш ѳзγнγн сессиясына тийиштγγ министрликтин, областтык комитеттердин, ведомостволордун жергиликтγγ бѳлγмчѳлѳрγнγн жетекчилерин жана жергиликтγγ администрация органдарынын ѳкγлдѳрγн чакырып катыштыра алат.
Кеңештин ѳзγнγн ыйгарым укуктарына ылайык кабыл алган Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбеген чечимдерин шаардын аймагындагы бγт мекемелер, уюмдар менчиктин тγрγнѳ карабастан жана шаардын аймагында жашаган жарандар жана жарандыгы жок атуулдар тарабынан тоскоолдуксуз жана милдеттγγ тγрдѳ аткарылат.
Кеңештин регламенти сессияда кабыл алынат. Регламентке ѳзгѳртγγлѳр жана толуктоолор тѳраганын, туруктуу комиссиялардын же болбосо депутаттык фракциялар коалициясынын демилгеси тарабынан киргизилет.
14. Кеңештин ыйгарым укуктары:
Жергиликтγγ маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин аныктайт;
Жергиликтγγ бюджетти жана анын аткарылышы жѳнγндѳ отчетту бекитет жана бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы боюнча маалыматты угат;
Социалдык-экономикалык ѳнγгγγ жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитет жана анын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳйт;
Жергиликтγγ салыктарды жыйымдарды киргизет жана аларга женилдиктерди берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык салыктардын ставкаларын аныктайт;
Жергиликтγγ жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана бѳлγштγрγγнγн тартибин аныктайт, ошону менен бирге муниципалдык менчик обьектилерин менчиктештирγγнγн программасын бекитет жана муниципалдык менчиктин пайдаланышына кѳзѳмѳл жγргγзѳт;
Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескѳѳчγ органынын ишмердγγлγгγ боюнча отчетун угат;
Мыйзамдарда белгиленген мезгилдерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтγнѳн мурда токтотот;
Шаардын Уставын бекитет;
Административдик-аймактык тγзγлγш боюнча тийиштγγ мамлекеттик органдарга ѳзгѳртγγ киргизγγ максатында сунуштарын иштеп чыгат;
Шаардык кеңештин тѳрагасын жана анын орун басарларын шайлайт, аларды кызматынан бошотот жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келген шаардык кеңештин тѳрагасынын чечимдерин жокко чыгарат;
Шаардык кеңештин Регламентин кабыл алат;
Ѳзγнγн чечимдеринин аткарылышын кѳзѳмѳлдѳйт;
Ѳкмѳт тарабынан аныкталган типтγγ ченемдерге ылайык жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескѳѳчγ органынын структурасын жана штаттык бирдиктерин бекитет;
Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу γчγн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу γчγн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитет;
Ритуалдык иш-чараларды откоруу эрежесинде, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдарын сатуу орду жана убактысы боюнча чектѳѳлѳрдγ киргизет;
Yй жана γй алдындагы участкаларда ирригациондук тγйγндѳрдγн иреттγγ жайгашуусун кѳзѳмѳлдѳйт;
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана жергиликтγγ жамааттын Уставына ылайык башка маселелерди чечет;
Шаардын мэрин шайлайт;
Учурдагы мыйзамда каралган тартипте мэрге ишенбѳѳчγлγк кѳрсѳтѳт;
Мыйзам менен белгиленген муниципалдык жерлерге салыктын базалык ставкасынын чегинде шаардык муниципалдык жерлерге салыктын дифференцияланган ставкаларын аныктайт.
Мэриянын аппаратын кошпогондо, шаардын вице-мэрлерин, шаардын турмуш – тиричилигин камсыз кылуучу бѳлγмдѳрдγн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
Шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бѳлγмдѳрдγн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик кѳрсѳтγγ жѳнγндѳ депутаттардын жалпы санынын γчтѳн экиси менен чечимдерди кабыл алуу, бул алардын ээлеген кызмат орундарынан четтетγγгѳ алып келет.
Кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык кылынган маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин жγзѳгѳ ашырууга катышуу, алардын чечимдеринин ага караштуу аймакта жайгашкан мекеме уюмдар тарабынан аткарышына кѳзѳмѳл жγргγзγγ γчγн тγзγлѳт. Ошондой эле кеңеш убактылуу комиссияларды да тγзѳ алат. Комиссиянын курамын, алардын санын жана шайлоонун тартибин тиешелγγ кеңештин депутаттык фракцияларынын жана топторунун сунушу боюнча шаардык кеңеш аныктайт. Туруктуу комиссиялар ѳздѳрγнγн тѳрагасын, катчысын шайлайт. Кеңештин тѳрагасы жана анын орун басарлары туруктуу комиссиялардын курамына шайланышы мумкун эмес. Туруктуу комиссиялар тарабынан ѳзγнγн ишинин негизги багыттары боюнча чакан комиссияларды тγзѳ алат. Кеңештин туруктуу комиссиясынын жана тѳрагасынын сунушу боюнча тиешелγγ кеңеш туруктуу комиссиялардын курамдарына ѳзгѳртγγлѳр киргизилет.
Туруктуу комиссиялардын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун жана ишинин тартиби ушул мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары тарабынан аныкталат. Туруктуу комиссиялар ѳздѳрγнγн ишине илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга укуктуу.
Туруктуу комиссиялар ѳздѳрγнγн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелγγ чечимдерди кабыл алат.
Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары:
Шаардын аймагын экономикалык, социалдык жана улуттук-маданий ѳнγктγрγγ менен байланышкан, кеңештин кароосуна киргизγγгѳ маселелерди даярдоого катышат;
Шаардын аймагында социалдык-маданий жана ѳндγрγштγк инфраструктураны ѳнγктγрγγ, шаардын ѳз алдынча башкаруунун экономикалык негиздерин чындоо маселелери боюнча сунуштарды кеңешке киргизет;
Ѳз аймагын экономикалык жактан ѳнγктγрγγнγн пландарынын жана бюджеттин долбоорлорун, пландарды аткаруу жана бюджетти аткаруу жѳнγндѳ отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча ѳзγнγн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык болгон учурда аларды кеңешке сунуш кылат;
Шаардык кеңеш кабыл алган чечимдердин аткарылышына жана уставдын талаптарын аткаруунун сакталышына контролдукту жγзѳгѳ ашырат;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелγγ кеңештин регламенти тарабынан берилген башка ыйгарым укуктарды жγзѳгѳ ашырат.
Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары ѳздѳрγнγн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарынын, тиешелγγ аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
Кеңештин алдындагы туруктуу комиссиялардын отурумдары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат. Туруктуу комиссиялардын отурумдарына ушул комиссиянын мγчѳлѳрγ болуп саналбаган ушул шаардык кеңештин башка депутаттары кеңеш беруучу добуш укугу менен катыша алат. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына таандык кылынган маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча комиссиялар тарабынан биргелешип даярдалат жана каралат. Комиссиялардын бардык мγчѳлѳрγ бирдей укуктардан пайдалана алат.
Шаардык кеңештин аппараты шаардык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылат, туруктуу комиссияларга жана депутаттарга жардам кѳрсѳтѳт, зарыл материалдарды даярдайт.