Редакцияот 25.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 25-июлу № 24

Дара айыл өкмөтүнүн аппаратынын Штаттык бирдигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомуна ылайык Дара айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык бирдигине өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндөгү маселени карап чыгып, Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз LXIII сессиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл өкмөтүнүн аппаратынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары башкы адис кызмат орду жетектөөчү адис кызмат ордуна которулсун.

2. Дара айыл өкмөтүнүн аппаратынын мал чарбасы жана ветеринария боюнча жетектөөчү адис кызмат орду башкы адис кызмат ордуна которулсун.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Камаловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Мажилимов