ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июлу № 26
Дара айылдык кеңешинин кээ бир токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө
Баткен райондук прокуратурасы тарабынан Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХХXХX сессиясы тарабынан 2016-жылдын 11-февралында кабыл алынган № 7-токтомуна келтирилген каршылык билдирүүсүн /протест/ карап чыгып, талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз LXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХХXХX сессиясы тарабынан кабыл алынган № 7 токтому жокко чыгарылып, мыйзам талаптарына ылайык келтирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин максаттуу пайдалануу максатында түзүлгөн комиссия курамы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин ижарага берүүдө комиссия курамы КР жер кодекси, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого ылайык жүргүзүшсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А. Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |