Редакцияот 11.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 11-февралы № 7

Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин ижарага берүү үчүн түзүлгөн комиссия курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин максаттуу пайдалануу максатында  Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХХXХX сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин максаттуу пайдалануу максатында түзүлгөн комиссия курамы бекитилсин. (№1тиркеме);

2. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин ижарага берүүдө комиссия курамы КР жер кодекси, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого ылайык жүргүзүшсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер  боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А. Камаловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Мажилимов