Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-апрели № 6
Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын протести жѳнγндѳ
Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын 08.02.2016-жылдагы 11/2-5-132-16 сандуу каршылык билдирγγсγн шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 03.09.2015-жылдагы кезектеги XXV сессиясынын № 8 токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мγлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгына 2006-жылы кабыл алынган "Шаар куруу жана жер пайдалануу эрежелерине" ѳзгѳртуу киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизγγ жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий тγрдѳ жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет.
Төрага | Э. Ормоков |