Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-апрели № 10
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 15.03.2016-жылдагы кезектеги ХХХII сессиясынын № 1-токтомуна ѳзгѳртγγ киргизγγ жѳнγндѳ
«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жѳнγндѳ», «Кыргыз Республикасынын жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнγндѳгγ», Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жѳнγндѳ» мыйзамдарынын жана Жалал-Абад шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун негиз кьпып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен шаардык кеңешинин кезектеги XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык аскер коммиссариатында финансы чарба бѳлγмчѳлѳрγ жоюлгандыгына байланыштуу, 2016-жылга шаардык аскер коммиссариатына каралган каражаттын калганын жаңы ачылган Жалал-Абад шаарынын топтоо пункту аркылуу каржылоо жагы шаардык финансы бѳлγмγнѳ милдеттендирилсин
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат Бѳрбѳрунун штаттык бирдиктери № 1-тиркемеге ылайык бекитилип жана атайын эсебинен каржылоого уруксат берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын бюджеттик мекемелеринин тендерлеринен γнѳмдѳлгѳн акча каражатынын эсебинен Баткен согушунун ардагерлерине медаль жасатуу учун 62,0 миң сем акча каражаты Жалал-Абад шаардык Боорукердик Борборуна каржылап берγγ жагы финансы бѳлγмγнѳ милдеттендирилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын бюджеттик мекемелеринин тендерлеринен γнѳмдѳлгѳн акча каражатынын эсебинен Жалал-Абад шаарынын муниципалдык нан бышыруучу цехин ишке киргизγγ γчγн кабель алууга 150,0 миң сом акча каражатын муниципалдык менчикти башкаруу комитетине бѳлγп берγγ жагы Жалал-Абад шаардык финансы бѳлγмγнѳ милдеттендирилсин.
5. Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментинин 2016-жылга бекитилген сметасынын чегинде тендерлерден унѳмдѳлгѳн акча каражатынын эсебинен жумушчулардын эмгек акыларына кошумча устѳк кошуп берγγ γчγн 672,6 миң сом акча каражатын каржылоо жагы Жалал-Абад шаардык финансы бѳлγмγнѳ милдеттендирилсин жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин 15.03.2016-жьлдагы № 1-токтомунун 13-тиркемеси жокко чыгарылып, Жалал-Абад коммуналдык чарба департаментинин штаттык ырааттамасы ушул токтомдун № 2-тиркемесине ьлайык бекитилсин.
6. Жалал-Абад шаарынын бюджеттик мекемелеринин тендерлеринен γнѳмдѳлгѳн акча каражатынын эсебинен № 13 орто мектебинин имаратынын ремонтуна 600,0 миң акча каражатын жылдырып, шаардык билим берγγ бѳлγмγ аркылуу каржылап берγγ жагы Жалал-Абад шаардык финансы бѳлγмγнѳ милдеттендирилсин.
7. Жалал-Абад шаардык Кайрымдуулук Борборунун 2016-жылга бекитилген сметасынан γнѳмдѳлгѳн акча каражатынын эсебинен ертке каршы шаймандарды сатып алуу учун 16,0 миң сом акча каражатын чыгымдоого уруксат берилсин.
8. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 15.03.2016-жылдагы № 1-токтомунун 20 жана 29-пункттарын аткаруудан мурда ушул токтомду аткаруу жагы Жалал-Абад шаардык финансы бѳлγмγнѳ милдеттендирилсин.
9. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизуу жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаеѳа) милдеттендирилсин.
10. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
11. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып кγчγнѳ кирет.
Төрага | Э. Ормоков |
Шаардык кеңештин
27 . 04 . 2015-жылдагы
XXXIII сессиясынын
№ 10-токтомуна № 1 -тиркеме
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы Б. Беркбаева
Шаардык кеңешинин
27.04.2016-жылдан
XXXIII сессиям №10
токтомуна, № 2- тиркеме