Загрузка документа…
СЕМЕНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-майы № 1
Семеновка айыл өкмөтүн Кожояр айыл өкмөтү, Семеновка айылын Садыр Аке айылы деген аталышка өзгөртүп аттоо жөнүндөгү Эл депутаттарынын ХХVI чакырылышдагы Семенов айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 10 сессиясынын 2014-жылдын чын куран айынын 15 ги № 2 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын администрациялык – аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 12-беренесинин 1-2 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 25-июль № 130, 2008-ж 21-июлундагы № 159 редакциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин 2016-жылдын 19-январындагы “Тарых жана маданият жылынын” жарлыгына ылайык Семеновка айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Т. Бугубаевдин жана Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы А. Турдакуновтун маалыматын, угуп жана талкуулап Семеновка айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семенов айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 10 сессиясынын 2014-жылдын чын куран айынын 15деги № 2 токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т. Турдакуновко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы кеңешитин төрагасы Т. Бугубаевке жүктөлсүн.
Төрага | Т. Бугубаев |