Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-марты № 160/XXVIII-26
Катуу тиричилик таштандыларды чогултуу нормаларын бекитүү жана “Кант-Тазалык” муниципалдык мекемеси көргөзгөн кызматтарынын бааларынын өлчөмү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын биргеликтүү отурумунун чечимин жана Кант шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 24-февралындагы Катуу тиричилик таштандыларын чогултуу нормаларын бекитүү жана “Кант-Тазалык” муниципалдык мекемеси көргөзгөн кызматтарынын бааларынын өлчөмү жөнүндө № 135/01-25 катын карап чыгып, Кант шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 1-январынан баштап “Кант-Тазалык” муниципалдык мекемеси көргөзгөн кызматтарынын бааларынын өлчөмү жана катуу тиричилик таштандыларды чогултуу нормалары 1-2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Кант шаарынын мэриясы:
- 2016-жылдын 1-апрелине чейин Кант шаарынын аймагындагы катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча кызматтарын пайдалануучулар менен катуу тиричилик таштандыларды чогултуунун бекитилген нормалары боюнча келишим түзсүн;
- катуу тиричилик таштандылардын бекитилген көлөмүн эсептөө тартибин сөзсүз сактоо боюнча чараларды колдонсун жана аларды туура өткөрүүнүн көзөмөлүн жүргүзсүн;
- катуу тиричилик таштандыларды чогултуу нормаларын тактоо жана Кант шаарынын аймагында чарба жүргүзгөн субъекттер, мекемелер, уюмдар үчүн катуу тиричилик таштандылардын өлчөмүн белгилөөнүн чынчылдыгын көтөрүү боюнча иш-чараларды жүргүзсүн;
3. Кант шаарынын аймагында чарба жүргүзгөн субъекттер, мекемелер, уюмдар менен ар дайым катуу тиричилик таштандыларын чогултуунун жаңы нормаларын колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет Минитрлигине жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар куруу, өнөр жай, унаа жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А. А. Макеев) жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Шайлдабеков |
Тиркеме
Кант шаардык кеңешинин
2016-жылдын 5-мартындагы
№ 160/XXVIII токтомуна № 1 тиркеме
№ |
КТТ чогултуу объектинин тиби | өлчөм бирдиги | чогултуунун жылдык нормасы |
1 | Мамлекеттик башкаруу органдарынын административдик имараттары | 1 кызматкер | 0,3 |
2 | Кеңсе, уюмдардын, ишканалардын жана башкалардын имараттары | 1 кызматкер | 0,7 |
3 | Банктар, чогултуу банктары жана башка кредиттик-каржылык уюмдар | 1 кызматкер | 1,1 |
4 | Күрөканалар, нотариустар, акча алмаштыруу пункттары | 1 м2 жалпы аянты | 1,5 |
5 | Үйлөнүү-үлпөт сарайлары, ЗАГСтар | 1 м2 жалпы аянты | 0,5 |
6 | Ооруканалар, стационарлар, эс алуу үйлөрү | 1 жатак-орун | 1,9 |
7 | Бейтапканалар, медициналык борборлор, лабораториялар | 1 баруу | 0,02 |
8 | Жатаканалар | 1 орун | 1,2 |
9 | Мектептер, лицейлер, гимназиялар, окуу борборлору, кесиптик окуу жайлары | 1 окуучу | 0,3 |
10 | Техникумдар, ЖОЖдор | 1 окуучу | 0,5 |
11 | Бала бакчалар | 1 орун | 0,7 |
12 | Музейлер, китепканалар, архивдер | 1 баруу | 0,02 |
13 | Стадиондор, спорт жана оюн-зоок аянттары | 1 орун | 0,1 |
14 | Кинотеатрлар, концерттик залдар, маданият үйлөрү | 1 орун | 0,7 |
15 | Авто, темир жол бекеттери | 1 м2 жалпы аянты | 0.5 |
16 | ТТС, унаа жуучу жайлары, желидөөлөр | 1 м2 жалпы аянты | 1,5 |
17 | Диспетчерлер жана коомдук унааны көзөмөлдөө пункттары | 1 м2 имарат аянты | 0,5 |
18 | Авто токтотуучу жайлар, анын ичинде жер астындагылар дагы | 1 унаа-орун | 2,0 |
19 | Гараждар, унаа коймолор | 1 унаа-орун | 3,1 |
20 | Май куюучу жайлар | 1 кызматкер | 3,1 |
21 | Радио-компьютер, тиричилик техниканы оңдоочу жайлар, кийим тигүүчү жана ондоочу жайлар, хим.тазалоолор | 1 м2 жалпы аянты | 0,5 |
22 | Интернет-клубдар, IP-телефониялар ж.б. | 1 орун | 0,8 |
23 | Оюн-зоок мекекмелери, дискоклубдар | 1 орун | 1,4 |
24 | Чач тарач, сулуулук салондору | 1 орун | 2,2 |
25 | Мончолор, сауналар, фитнес, бассейндер | 1 м2 жалпы аянты | 0,4 |
26 | Басмаканалар, полиграфиялар ж.б. | 1 м2 өндүрүш аянты | 0,6 |
27 | Мейманканалар | 1 орун | 1,1 |
28 | Кафе, ресторандар, ашканалар, барлар ж.б. | 1 отуруучу орун | 1,1 |
29 | Өндүрүш жана чарба дүкөндөрү | 1 м2 соода аянты | 0,6 |
30 | Киосктар, чатырлар (гезиттик, сювенирдик ж.б.) | 1 м2 соода аянты | 0,8 |
31 | Дарыканалар | 1 м2 соода аянты | 0,5 |
32 | Азык-түлүк дүкөндөрү, универмагдар, супермаркеттер, павильондор, салондор | 1 м2 соода аянты |
|
33 | -500 м2 чейин | 1 м2 соода аянты | 0,8 |
34 | -500 м2 кийин | 1 м2 соода аянты | 0.5 |
35 | Арык (газ-суу, кыдырып сатуу ж.б.) | 1 соода оруну | 2,2 |
36 | Базарлар, жарманкелер | 1 м2 соода аянты | 0,5 |
37 | Соода-кампа имараттары, базалар | 1 м2 жалпы аянты | 0,1 |
38 | Фабрикалар, заводдор, цехтер, комбинаттар | 1 м2 өндүрүш аянты | 0,5 |
ЭСЕП ТАРТИБИ
Катуу тиричилик таштандылардын жылдык көлөмүн эсептөө ар бир объекттин тиби боюнча өзүнчө төмөндөгү формула боюнча жүргүзүлөт:
Ү ктт объектинин тиби = Ү ктт то + Ү ктт спп + Ү ктт тер. + Ү ктт дер.
№ | Берилиши | Эсеп | |
| НН – катуу тиричилик таштандыларды чогултуунун жылдык нормасы, м3/жылына | ||
1 | Ү ктт то – ар бир объекттин тиби үчүн таштандынын көлөмү | Ү ктт то = эсеп өлчөмүнүн белгиси (3-тик катар)*НН(4-тик катар) | |
Фактылык өлчөм боюнча таштандылардын көлөмүн белгилөө мүмкүн болсо катуу таштандыларды чогултуу нормалары колдонуучулардын укугун чектебейт.
Кант шаарынын мэри Э. Абдрахманов
Каржы-экономикалык өнүктүрүү
бөлүмүнүн башчысы А. Узбекова
Тиркеме
Кант шаардык кеңешинин
2016-жылдын 5-мартындагы
№ 160/XXVIII токтомуна № 2 тиркеме
№п/п | Кызматтын аталышы | Өлчөм бирдиги | Кызматтын баасы |
1 | КТТ чыгаруунун баасы |
|
|
| 1 м3 калктын саны | м3/сом | 114.3 |
| уюмдар | м3/сом | 267.75 |
2 | КТТ чыгаруунун баасы |
|
|
| жеке сектор 1 кишиге 1 айда | сом/киши | 18.94 |
| көп кабаттуу батирлерде 1 кишиге 1 айда | сом/киши | 18.18 |
3 | Контейнерди колдонуунун бир суткалык баасы |
|
|
| калк | сом/суткасына | 5.37 |
| уюмдар | сом/суткасына | 5.62 |
4 | Бир жолку тапшырыктарды сааттык төлөө боюнча механимздердин иш акысы |
|
|
| самосвал | сом/саатына |
|
| эксковатор | сом/саатына | 539 |
| грейфер жүктөөчү (погрузчик) | сом/саатына | 539 |
| автосеки (автовышка) | сом/саатына | 503 |
5 | көр казуу кызматынын баасы |
|
|
| калк | сом/шт | 389 |
| уюмдар | сом/шт | 454 |
6 | Каза болгондордун документтерин каттоо кызматынын баасы | сом | 54.19 |
7 | м3 таштандыларды 3.6 чакырымдан 5 чакырымга чейин чыгаруунун баасы | сом/рейс |
|
| калк | сом/рейс | 542 |
| уюмдар | сом/рейс | 544 |
Кант шаарынын мэри Э. Абдрахманов
Каржы-экономикалык өнүктүрүү
бөлүмүнүн башчысы А. Узбекова