Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-декабры № 95/ХХ1-26
Нурманбет айылдык кеңешинин 2016-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясында айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата иш планын карап чыгып жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата иш планы бекитилсин.
2. Нурманбет айыл өкмөтүнүн аппаратына:
- айыл өкмөтүнүн иш планында бекитилген маселелер өз убагында айыл өкмөтүнүн отурумунда каралсын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Андашов |
Тиркеме
Нурманбет айылдык кеңешинин
2015-жылдын 23-декабрындагы
№ 95 токтому менен бекитилген
Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата иш планы
№№ к/н | Иш чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар
|
| 1.Нурманбет айыл өкмөтүнүн отурумдары | ||
1 | Жалгыз бой кары адамдар менен жүргүзүлгөн иштер жөнүндө | январь | С. Маймендеева |
2 | Жергиликтүү калкка медициналык жардам көрсөтүү боюнча Нурманбет айылдык ҮДТ жана А.Токтоналиев айылынын ФАПынын иши жөнүндө | февраль | А. Джумабаева |
3 | Айыл өкмөтүнүн арткаруучулук тартиби жөнүндө | март | Ч. Исакова |
4 | Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында жашылдандыруу,көрктөндүрүү санитардык тазалоо боюнча | апрель | Б. Артыкбаев Э. Джусупов |
5 | Аймактагы диний абал жөнүндө | май | Ч. Исакова Э. Молдобаев Ж. Жайлообаев |
6 | Нурманбет айыл өкмөтүндө жарандардын арызын кароо боюнча 2016-жылдын 1-жарым жылдыгында жүргүзүлгөн иши жөнүндө | июнь | Ч. Исакова |
7 | 2016-жылдын бюджетинин 2-кварталда аткарылышы боюнча каржы-экономикалык бөлүмүнүн аткарган иши жөнүндө | июль | С. Көчөралиева Д. Джолбунова
|
8 | М.Койбагаров жана А.Молдокулов атындагы орто мектептеринин жаңы окуу жылына даярдыктары жөнүндө | август | Г. Алышбаева Г. Султаналиева |
9 | Жаштар арасында спорт жана дене тарбиясын өнүктүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн аткарган иштери жөнүндө | сентябрь | К. Малдыбаев |
10 | Айыл өкмөтүндө коррупциянын алдын алууга карата жасалган иштер жөнүндө | октябрь | Г. Долбаева
|
11 | Нурманбет айыл өкмөтүндө кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө | ноябрь | Милициянын аймактык тескөөчүсү Сулайманов С |
12 | Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө | декабрь | Ч. Исакова
|
|
2.УЮШТУРУУ ИШ ЧАРАЛАРЫ. |
|
|
1 | Жергиликтүү калктын калың катмары менен биргеликте айыл өкмөтүнүн аймагын көрккө жана тазалыкка келтирүү | Жыл ичинде | айыл өкмөтү, жергиликтүү калк |
2 | Жергиликтүү жамааттардын курултайын жана айыл жыйындарын даярдап өткөрүү. | Ар дайым | айыл өкмөтү, жергиликтүү калк |
3 | Айылдык кеңештин депутаттарына шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөк көрсөтүү | Ар дайым | Айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери |
4 | Айылдык кеңештин сессиясына материалдарды дайындоо | Ар дайым | Айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери |
5 | Айылдык кеңешке депутаттарды шайлоолону даярдап өткөрүү иштерин уюштуруу | Ар дайым | Айыл өкмөтү айылдык кенеши |
6 | Майрамдар жана башка иш чараларды даярдап өткөрүү иштерин уюштуруу: - Курултай - Нооруз майрамы - Жеңиш күнү - Энелер күнү - Балдарды коргоо күнү - КР Эгемендүүлүгүнүн 25-жылдыгы - Карылар күнү - Майыптар күнү | Ар дайым | Айыл өкмөтү |
Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы: А. Ниязов