Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 103/ХХ111-26
Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Андашов |
Тиркеме
№ | Тапшырма | Иш чара/аракет | Аткаруу мөөнөтү (күнү, айы, жылы) |
1. | Айыл аймагында финансалык өз алдынчалыктууну жогорулатуу | Жергиликтүү бюджеттин киреше булагын 2016-жылы 200 миң сомдон кем эмеске жогорулатуу | 2016-жылдын декабры |
Салык салуу базасын инвентаризациялоо,салык төлөмдөрүнүн чогултулушун администрациялоо | |||
Авто унааларды толугу менен тактоо жана өз убагында төлөмдорду төлөө | 1-2 квартал 2016 жыл ичинде | ||
Түтүнмө түтүн салык төөлөчүүлөрдү, огород жана мүлк салыктарына дислокация түзүү | Жыл ичинде | ||
Салык нарктарын жана ФПСтин аренда толөмдөрүн жогорулатууну айылдык кенештин кароосуна берилсин | 30-декабрь 2016 жыл | ||
2. | Айыл аймагында жаңы жумуш орундарын түзүү
| 2016-жылда жаңы жумушчу ордунун санын 15 жумуш орунан кем эмес жогорулатуу
| 2016-жыл ичинде |
3. | Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатууну камсыз кылуу | Экономиканын өсүшүнүн жогорулашын камсыз кылуу - айыл чарбасы – 5,1% кем эмес - курулуш – 5,0% кем эмес - товар жүгүртүү – 2,2% кем эмес
| 2016-жыл ичинде |
4.
| Мектепке чейинки мекеме ϴспүрүм балдарды балдар бакчалары менен жана мектепке чейинки билим менен камсыз кылууну жогорулатуу
Билим берүү мекемелерине
Нурманбет айыл өкмөтүнүн тегерегин тозуу
Жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо жана жолдорду жарыктандыруу
Автоунаалардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн жолдоо жүрүү коопсуздугу . | Арис проектисине кирүүгө төмөнкү курулуштардын долбоорун түзүү аракети жүргүзүлсүн 1. Байланыш үйүн Үй-бүлөөлүк даарыгерлер тобунун имаратына профилдөө 2. Бала бакчаларга эмерек алууга 130000 сом бөлүнсун.
Компьютер менен камсыздоо 100000 сом каралсын
Тегерегин тозууга 250000 сом каралсын
Нурманбет, Первомай, А. Токтоналиев айылдарынын асфальт жолдорунун чуңкурларын оңдоо Жалпы баасы: 570 м. сом жергиликтүү бюджеттен Жарыктандырууга жергиликтүү бюджеттен 150000 сом
| 2016-2017-жылдар
Жыл ичинде
Жыл ичинде
Жыл ичинде
|
5 | Айыл чарба продукциясын өндүрүүнү жогорулатуу.Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу.Айыл чарба продукциясын кайра иштеп чыгуучу заводду ишке киргизүү. | 5. 2016-жылдан баштап жылына кант кызылчасынын аянтын жогорулатууну камсыз кылуу. Пайдаланылбаган жерлерди 160 га кыскартуу | 2016-жылдын майы |
6 | Жеке жана кичи ишмердик | 1. Малдарды жасалма жол менен куудуру 2. ветеринардык аптеканы ачуу | Жыл ичинде Жыл ичинде |
7 | Айыл жергесин жашылдандыруу | Бак-дарактарды тигүү. Жергиликтүү бюджеттен каржылоо | 1-2 квартал 2016 жыл |
Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы : А. Ниязов