Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 107/ХХ111-26
Нурманбет айыл аймагынын жайыт жерлеринен ООО “Нур телекомуна” станция орнотууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесинин, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө № 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтомунун негизинде жайыт жеринен ООО “Нур телекомуна” жер бөлүп берүү жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы А. Омуралиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга Нурманбет айыл аймагынан ООО “Нур телекомуна” станция орнотууга жайыт жеринен 20 кв. м. жер участкасы бөлүнүп берилсин.
2. 2016-жылдын 1-январынан баштап 2 жыл 11 ай мөөнөт ичинде жайыт комитетинин өздүк эсебине ай сайын 5000 сом өлчөмүндө акса каражатын которуп туруу ООО “Нур телекому” станциясынын жетекчилигине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Андашов |