Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-декабры № 147/XXVI-26
Кант шаардык кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө
Кант шаарынын өнүгүүсүнө маанилүү салым кошкондугу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын алдындагы эмгегин сиңирген адамдарды сыйлоо максатында жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Мыйзамдарына ылайык жана туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Кант шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык кеңешинин Ардак грамотасынын Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомду каттап, Кыргыз Республикасынын укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана тиркелген Жобонун колдонулушун көзөмөлгө алуу, Кант шаардык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Шайлдабеков |
Тиркеме
Кант шаардык кеңешинин
2015-жылдын 16-декабрындагы
№ 147 токтомуна тиркеме
1. Кант шаардык кеңешинин Ардак грамотасы (мындан ары – Ардак грамота) жарандарга, жамааттарга, менчигинин түрүнө карабастан, мекемелерге жана уюмдарга, коомдук уюмдарга жана башка жарандык бирикмелерге шаардын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө, аны жакшыртууга, жергиликтүү жамааттын алдында сиңирген эмгеги жана башка сиңирген эмгектери үчүн берилүүчү, Кант шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогорку сыйлыгы болуп эсептелет.
2. Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы, өзүнүн отурумдарында Ардак грамота менен сыйлоо жарыялоо жөнүндө сунуштамаларды, ошондой эле өзүнүн ишмердүүлүгүн уюштуруучу маселелерди карайт.
3. Туура эмес жана тыкан эмес даярдалган сунуштамалар комиссияда каралбайт жана кайра иштелмелеп чыгууга жөнөтүлөт.
4. Ардак грамоталарды берүү жарыялоо майрамдык иш-чараларга жана эскерүү күндөрүнө, юбилейлерге жана башка даталарга карата берилиши мүмкүн.
5. Жеке жана юридикалык жактарды Ардак грамота жөнүндө сунуштамалар Кант шаардык кеңешинин төрагасынын наамына төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
- мамлекеттик бийлик органдары жана башкармалыктар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- мекмелер жана уюмдар, менчигинин түрүнө карабастан;
- расмий каттоодон өткөн коомдук уюмдар жана жарандык биримдиктер.
6. Ардак грамота менен сыйлоо үчүн, сыйлануучуга ушул Жобого тиркелген № 1 формасы боюнча жетишкендиктери жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат камтыган сунуштама негиз болуп эсептелет.
7. Ардак грамота менен сыйлоого сунушталган жактар үчүн төмөндөгү талаптар коюлат:
- сыйлоо жөнүндө өтүнмө, анын негиздери көрсөтүлүшү менен;
- айкын жетишкендиктерин жана шаар алдында эмгегин көрсөтүү менен, сунушталып жатканга кыскача мүнөздөмө;
- кесиптик майрам же маанилүү дата учурунда эмгек стажы кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес болуусу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек стажы тиешелүү кызматта 3 жылдан кем эмес болуусу.
8. Кант шаардык кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө маалымат сыйлануучунун эмгек китепчесине жазылат.
9. Кант шаардык кеңешинин Ардак грамотасы бир адамга эки жолу берилбейт.
10. Ардак грамотанын бланктарын даярдоо жана сактоо укугу шаардык кеңешке гана таандык.
11.Ардак грамоталардын каттардын ирээттик номуру бар, сыйлоо жөнүндө чечим Кант шаардык кеңешиинин буюрмасы менен кабыл алынат.
12. Ардак грамоталар сыйлануучуларга шаардык Кеңешинин төрагасы же Кант шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан салтанаттуу түрдө тапшырылат.
13. Ардак грамотаны эсепке алууну жана каттоону, Кант шаардык кеңешинин жооптуу катчысы жүргүзөт.
18. Ардак грамота менен сыйлоого жарыялоога сунуштамалардын саны мекеме, ишкана жана уюмдардагы кызматкерлердин жалпы санына жараша төмөндөгү тартипте белгиленет:
- 10-чейин – 1;
- 10дон 50-чейин – 5;
- 50дөн 100-чейин – 5;
- 100-жогору – 7.
19. Сыйлоо жөнүндө маселени кароо үчүн документтер Кант шаардык кеңешине, сыйлоого чейин эки жумадан кем эмес мөөнөттө сунушталат.
20. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө сунуштамалар Кант шаардык кеңешинин катчы – иш-кагаздарды жүргүзүүчүсүнө киргизилет, каттоодон өткөрүлүп Кант шаардык Кеңешинин төрагасына келип түшкөн күнү сунушталат.
21. Сыйлоо жөнүндө документтер Кант шаардык кеңешинин жооптуу катчысы тарабынан атайын текшерүүдөн өтөт, зарылчылык болсо кошумча маалыматтар суралат жана сунуштама келип түшкөн күндөн баштап эки жуманын ичинде, сыйлоо жөнүндө Буюрманын долбоору даярдалат.
22.Кант шаардык кеңеши өз демилгеси боюнча жарандарды, мамлекеттик органдарды, уюмдарды Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл ала алат. Мындай учурда ушул Жобонун 6,7, пунктунда көрсөтүлгөн документтер талап кылынбайт.
Кант шаардык кеңешинин жоопту катчысы Д.Ш. Байсалова
Жобого
№ 1 форма
1. Сыйланучуунун фамилиясы, аты, атасынын аты ________________________
2. Өздүгүн күбөлөндүргөн документ (сериясы, номуру)_____________________
3. Ээлеген кызмат орду, иштеген жери (уюмдун, мекеменин, ишкананын атын туура көрсөтүү)________________________________________________________
4. Туулган жери жана жылы_______________________________________________________
5. Улуту____________________________________________________________
6. Билими (эмнени, кайсы жерде жана качан бүткөн)_______________________
___________________________________________________________________
7. Илимий, кесиптик наамы, класстык чини_______________________________
___________________________________________________________________
8. Жалпы эмгек стажы_____________________________________________жыл
анын ичинен:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумундагы эмгек стажы___________жыл
- ушул жамааттагы эмгек стажы ____________________________________жыл
9. Үйүнүн дареги, телефону _____________________________________________
10. Кант шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүлөт.
11. Сыйлануучунун өндүрүштүк мүнөздөмөсү жана аталган чөйрөдө өзгөчө жетишкендиктери ____________________________________________________________________Кант шаардык кеңештине сыйлыкка көрсөтүү чечими кабыл алынды ______________________________________________________________________
(сыйланучуунун Ф.А.А., элеген кызматты)
Башкаруучу ________________ ____________________________
(колу) (Аты – жөнү, фамилиясы)
М.О.
«_____»_______________20___ж.