Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-сентябры № 101/XVIII-26
Кант шаардык китепканасын пайдалануу эрежелерин, китепкананын төлөмдөрү боюнча кошумча жобосун, китепкананын акы төлөө кызматынын киреше жана чыгашаларын бөлүштүрүү, тарифтердин (баанын) көрсөткүчүн бекитүү жөнүндө
Социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар жана спорт иштери боюнча, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаардык мэриясынын 2014-жылдын 31-июлундагы №578/01-25-катын карап чыгып Кант шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекитүү:
- № 1-тиркемеге ылайык Кант шаардык китепканасын пайдалануу эрежеси;
- № 2-тиркемеге ылайык төлөмгө берилген китепкананын кошумча кызматтары жөнүндө;
- № 3-тиркемеге ылайык китепканын акылуу кызматынын киреше жана чыгашаларын бөлүштүрүү жөнүндө;
- № 4-тиркемеге ылайык тарифтердин (баанын) көрсөткүчү.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө Кант шаардык Кеъешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар жана спорт иштери боюнча, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына (Ногойбаев А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |
Кант шаардык кеңешинин 2014-жылдын
25-сентябрындагы № 101/ XVIII-26-токтомуна
№1-тиркеме
1. КИТЕПКАНАГА ЖАЗУУ ТАРТИБИ.
Китепканага жазылууда атуулдар милдеттүү
1) азыркы тиркеме менен таанышып чыгуу.
2) Паспортун, же жарандыгын ырастаган күбөлүгүн көрсөтүү;
а) балдар- туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, же ата-энесинин биринин, же бакма ата-энесинин биринин паспортун.
3) Каттоо китепчесине төлөө (ж/к.к.):
а) белгиленген үлгүдөгү – 25 сом
б) бир жолу киргендиги үчүн – 3 сом
3.1 Жеке каттоо китепчесин толтурууда тийиштүү тик тилкеде төлөнгөн суммасы жана жылы көрсөтүлөт.
4) Күрөө суммасын каттоо:
а) кант шаарында катталган атуулдардын күрөө суммасы – 100 сомду түзөт.
б) шаардан тышкары жашаган атуулдардын күрөө суммасы үйдү берүү учурунда берилүүчү фонддук документтин базар баасынын жарымын түзөт (эки нускадан көп эмес)
4.1 Күрөө суммасы катоо жуналында жеке каттоо китепчесинин номери менен коюлуп, окурмандын кол тамгасы менен катталат.
4.2 Күрөө суммасы жок китепкананын чегинде абоненттерге фонддук документти алуу жана пайдалануу мүмкүн:
а) бир жолу кирүү жеке к/китепчесинин суммасында – 3 сом
б) экинчи ирет кирүүсүндө жеке к/китепчесинде түзүлгөн үлгүдөгү сумма-25 сом
4.3 Жеке к/китепчесин каттап бүтүп жана бардык китепканалык документтер менен таанышып чыккандан кийин окурман китепкананын колдонуу эрежелерин жана тиркемеге ылайык жоопкерчиликтер таанышкандыгын каттоо китепчесине кол коюу менен тастыктайт.
2. КҮРӨӨ СУММАСЫ (Күрөө ).
1) Өзгөчө баалуу басылыш үчүн, окурмандар болүмүндө күрөөнүн суммасы бардык окурмандар үчүн бирдей бир нусканын жарым баасын түзөт.
2) Күрөө абоненттин китепканалык фонддон колдонуу убактысында сакталат.
3) Окурман бардык адабияттарды китепканадан алган убактылуу же аяккы көчүрмөнү тапшырууда айып санкциясы ишке аша элек болсо, бул каттоо журналында окурмандын кол тамгасы менен аныкталса күрөө толук көлөмдо кайтарылат.
4) Окурман тарабынан адабиятты тапшырган соң талап кылынбаса эки жылдан кийин китепканын фондуна тийиштүү баа менен өтөт.
5) Эки жыл ичинде китепканадан тышкары мурунку окурманга берилген күрөө китепканачы тарабынан каттоо журналына «кайтаруу» деп өзүнүн кол тамгасы менен жазылат.
6) Эгерде окурман айып санкциясын төлөөдөн баш тартса окурмандын кол тамгасы менен күрөө зыян келтирүү төлөмү үчүн пайдаланылат.
а) Окурмандардын өз жоопкерчилигине көңүл бурбаган учурда күрөө абоненттин макулдугусуз эле зыян келтирүү төлөмү үчүн колдонулат. Китепканачы «кармалды» деген кол тамгасын коөт.
3. ОКУРМАНДАРДЫН УКУККА ЭЭ:
1) Негизги китепканалык-маалымат кызматын бекер колдонууга.
1.1 Алууга:
а) фонддун түзүмү боюнча толук маалыматты;
б) чыгарманын басылмасын издөө жана тандоо боюнча кеңеш берүү жардамын;
в) фонддогу документтерди убакытлуу колдонууга үйгө алып кетүүгө, белгиленген убакытка чейин;
г) китепканын ичинде маалыматтуу, чанда кезиккен, баалуу, андан тышкары жалгыз нускадагы адабиятты колдонууну;
1.2 башка окурмандар тарабынан талаптар болбосо басылманы колдонуу убакытсын узартуу;
2) «Китепканалык иштер жөнүндөгү» 21.10.98. мыйзамга ылайык кошумча акылуу кызматтар ( өзүнчө тиркемеден карагыла);
3) Колдонуучу анын укугун кемсинткендиги үчүн китепкананын учурдагы жооптуу кызматкеринин үстүнөн сотко кайрыла алат.
4. ОКУРМАНДАР МИЛДЕТТҮҮ:
Жаңы календардык жылдын келиши менен өзүндөгү китептердин баарын кайра каттоодон өткөрүп, жаңы каттоо китепчесине 25 сом телеге;
китепканын бардык басылмаларына жана документтерине аяр мамиле жасоого; а) адабиятты таза кол менен кармап, төмөн жагына жээк калтырууга («куйрукча», бурчтук).
б) ачык сырты менен өйдө кылып, окуу учурунда сартка айланта бүктөбөөгө;
в) стандарттуу ортого салынуучу тасманы (калыңдыгы 220 мкмдан ашпаган), же желим кагазды колдонууга;
г) так жана чийимдерди калтырбоого;
д) бүктөп жана айрым жерлерин, барактарын айтырбоого;
е) басылманын чаптамасы жол бербесе жана китепкананын руксатысыз көчүрмө жасоого;
ж) картонду, планшет жана башка киепканалык эмес документтерден кыскача жазууларды жазууга.
3) Кандай фонддук документ болбосун алууда анны жакшылап карап чыгып, каталарды көрсө дароо китепканачыга билдирүүгө, антпесе адабиятты кайтаруу учурунда китепканачы акыркы колдонуучуга айып салууга укуктуу.
4) Фонддун жайгашуусун бузбоого.
5) Окурмандын каттоо китепчесине катталбаган адабияттарды же башка документтерди китепканадан тышкары алып чыгууга.
6) Тапшыруу:
а) берилген күндөн тартып бир айга чейинки убакытта;
б) берилген күнүнөн 7-17 күндүн ичинде;
в) каттоо китепчесинде эскертилген жана жазылган мөөнөттө;
7) китепкананы колдонуудагы укуктардын бузулушунан качып китепканын документтерин башка адамга бербөө.
8) Айып пулду% туумду төлөө
8.1 кайтаруу убактысынан ашык кармоодо;
а) 1 нуска китеп басылмасына ар бир кечиктирген айы үчүн – 10 сом;
б) убактылуу басылманын 1 нускасы үчүн кечиктирилген ар бир 10 күнгө – 5 сом;
в) бардык басылманын кайтаруусуна эскертилген күндөн кийинки ар бир күнгө 2 сомдон;
г) өзгөчө баалуу басылманын базар баасынын 1%ын ар бир кечиктирилген күн үчүн төлөө.
Белгиленген убакыттан 10 күндөн кийин күрөөгёө коюлган сумма китепкананын буйругу менен талап кылынбаган жана жоголгон фонддук документтин толуктоого сарпталат.
8.2 Бүлүндүрүлгөн жана жоголгон фонддук документтин ордун толтуруу төмөндөгүдөй түрдө болот:
а) реставрация;
б) баардык жагынан окшош фонддук документке алмаштыруу;
г) китепканачы тарабынан бирде баада бааланаган басылмага алмаштыруу;
д) күрөөдөн чыгымды жаба турган сумманы кармап калуу.
5. ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ БӨЛҮМ.
1) Жашы жете элек окурмандар үчүн материалдык чыгымдын жоопкерчилигин ата-энеси же аралашкан адам тартат.
2) Китепканын кызматынан колдонуунун укугун бузгандар мыйзам негизинде жоопкерчиликке тартылып, келтирилген зыяндын ордун толукташат.
3) Китепкананы колдонуу укуктарын такай бузган окурмандар тейленбейт.
4) Китепкана укукка ээ:
а) кайрымдуулук жана курмандык үчүн берилген акча каражатын жана адабияттарды белек катары алууга;
б) аукцион, лотореаларды өткөрүүгө;
в) ашыкча, көчүрмө, багытсыз жана моралдык-эскирген адабияттарды сатууга;
5) Айыптык, күрөөдөгү сумманы жана каттоо китебине толөө дээрлик учурдагы нфиляциянын көлөмөно ылайыкталат.
Шаардык китепканын башчысы Е. Медведева
Кант шаардык кеңешинин 2014-жылдын
25-сентябрындагы № 101/ XVIII-26-токтомуна
№ 2-тиркеме
Демилгелүү чарбачылык иштин бир түрү болуп окурмандардын китепкана-маалыматтык тейлөөсүн ылайыкташтыруу; көрсөтүлгөн кызматтардын тизмесин көбөйтүү; социалдык-чыгармачылык өнүгүүсүн жана китепкананын материалдык техникалык базасын бекемдөө жалпысынан акы төлөө кызматы болуп саналып, төмөнкү документтер аркылуу жөнгө салынат:
- КРнын «Китепкана иштери жөнүндү» мыйзамынын (16.11.98.) 7-берене, 4-бөлүм; 13, 2,3,4,5,6-бөлүмдөрү;
КРнын «Автордук укук жана аралаш укуктар жөнүндө» (27.06.11) мыйзамынын 16-беренесинин 3-бөлүмү; 18, 1-бөлүм; 19, 1-бөлүм, 20, 1-2-бөлүмдорү;
КРнын экинчи Атуулдук кодексинин (03.08.13.) 415-беренесинин1-пунктунун 2-бөлүмү;
КРНын «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө» (08.12.09.) мыйзамынын 4-беренесинин 1,5-пунктары; 12, 1,2,3-пунктары; 46-беренеси;
КРнын билим берүү жана маданият министрлигинин 10.06.02. №319/1-буйругу менен бекитилген өлкөнүн бардык китепканалары үчүн дайындалган документтер топтому;
мамлекеттик тейлөөнүн бирдиктүү тизмесинин (10.02.12.) 6-бөлүмунүн 22, 23-пункту;
китепкананы колдонуу эрежелери;
ушул тиркеме менен.
1) Китепканада акылуу кызматтар бюджеттик эмес каржылоого кызыгдар болгон негизги бюджеттен каржылануучу ишмердүүлүктүн эсебинен көрсөтүлөт жана камсыздоого жол берилет:
ресурстук дараметти күчөтүүнү колдонуу;
ыңгайлуу шарттын жогорулашы (ыкчамдык, тейлөөнүн мыктылыгы, орду жана убактысы), маалымат булагынан жогорку деңгээлде мүмкүнчүлүк алуусу сактоонун бир убактагы экономикалык кепилдиги жана окурмандын басылманы өз убагында кайтарып бериши;
окурмандардын кошумча талаптарын жогору канаттандыруу укуктарын жеткирүү;
2) Тейлөөнүн мүнөздөмөсү:
Жакынкы жарым жыл аралыгында фонддун негизин түзгөн жазылма басылмаларды үйгө алуу;
китепканага ээ болуу жана кыска тематикалык багыттагы адабияттарды, китепкана-библиографиялык классификациянын боштугун толтурган чанда кезикчү жана кымбат баалуу басылмаларды каалоосуна ылайык абоненттерге берүү; мүмкүнчүлүгү бар колдонуучулардын талабын аныктоо; китеп-журналдык базардын эсеби жана мындай чыгармаларды басып чыгаруунун каржылык максаттуулугу;
бүгүнкү күндёгү заманбап, актуалдуу, белгилүү көркөм басылмалардын жогорулаган талаптарын канааттандыруу жана ошондой эле мындай бөлүмдү өз учурунда толтуруу;
өзүн таануу жана өнүктүрүү, жандүйнө баалуулугун өстүрүүнү каалаган окурмандар үчүн медициналык, педагогикалык, психологиялык, экзотерикалык, философиялык атайын адабияттар менен кичи бөлүмдү түзүү;
аз нускадагы, жалгыз басылмаларды же макалаларды колдонуунун мөөнөтүн кыскартуу:
окурмандардын суранычы менен адабияттарды сырттан таратууну уюштуруу
(мейманкананын администрациясы аркылуу китепкананын жайгашкан жери боюнча)
белгилүү адабияттарды ээлөөнү ишке ашыруу;
библиографиялык маалым каттарды берүү:
белгилүү темада адабияттарды тандоо;
б) фактылуу басылмаларды издөөдө көчүрмө жүзүндө;
- дүйнө таанымын, билимин өстүрүү үчүн китепкананын чегинде илимий-белгилүү, даректүү, көркөм фильмдерди көрүү;
3) Окуу бөлүмүнүн тизмесин китепканычы басылманын же башка макалалардын баалулуугуна карап түзөт.
4) Төлөмгө иштебеген күндөр жана сааттар да кирет: санитардык күн, дем алыш ,майрам күндөр.
5) Сөзсүз түрдө окурмандар күрүү суммасын калтырышат, алдын алуу төлөө он күндүк суммадан кем болбошу керек. Төлөмдөгү айрмачылык кайтарылып берилет же окурмандын төлөм акысына кирет.
6) Баалар төмонкүлөргө карап коюлат:
иштин өз баасына;
пландык кирешеге;
колдонулган объектин баалуулугуна.
7) Тизме жана кызмат көрсөтүүнүн баасы (тарифтери), күрөө суммасы учурдагы базардык абалга карата системалык түрдө оңдолот.
8) Бардык каржы операциялары атайын эсептик дептер аркылуу саналып, китепкананын өздүк эсебине түшүп, негизги ишмердүүлүккө жумшалат.
Шаардык китепкана башчысы Е. Медведева
Кант шаардык кеңешинин 2014-жылдын
25-сентябрындагы № 101/ XVIII-26-токтомуна
№ 3-тиркеме
КРнын16.11.98.“Китепкана иштери жөнүндө мыйзамынын 24-беренесинин 3-пункутунун, КРнын атуулдарын китепкана-маалыматтык тейлөө укуктук системасын камсыздоо, КРНын билим берүү жана маданият министрлигинин 10.06.02. №319/1 бекитилген буйругунун, Кант шаардык Кеъеши бекиткен бул тиркеменин негизинде шаардык китепкананын акылуу кызматынан алынган киреше атайын каржылык эсеп дептерине жазылат жана китепкананын өздүк эсебине түшөт. Негизги ишмердүүлүккө жумшалат жана төмөндөгүчө бөлүнөт:
40% - китеп фондун толтурууга.
30%- фондду калыбына келтирзүүгө (жоголгон, беттери жараксыз болгон басылмаларды көчүрүү, мукабасын калыбына келтирүү ж.б.).
Ылайыктуу канцтоварлар жана калыбына келтирүү үчүн ар кандай каражаттар.
Окурмандардын каттоо китебин, сырттарын жана талап кылынган библиографиялык маалым каттарды көчүрүү.
Маектешүүнү уюштуруу, маалымат арттыруучу DVD дисктерди көрүү.
Мыкты окурмандарды кеңейтүү жана китеп тартуулагандарга сыйлык берүү.
30% - китепкана кызматкерлерин кеңейтүү.
Шаардык китепкана башчысы Е. Медведева
Кант шаардык кеңешинин 2014-жылдын
25-сентябрындагы № 101/XVIII-26-токтомуна
№ 4-тиркеме
№ | Аталышы | Сумма бирдик үчүн |
1. | Түзүлгөн үлгүдө окурмандын каттоо китепчесин каттоо | 25 сом |
2. | Жылда болуучу кайра каттоо | 25 сом |
3. | Окурмандын бир жолку каттоо китебин каттоо | 3 сом |
4. | Фонддо жогорку ыңгайлуулукта сакталган басылманы убактылуу колдонууга берүү а) китеп: |
|
| - үйгө | 5с/сутки |
| - китепкананын ичинде | 3 сом |
| - макаланы көчүрүп алууга | 3 сом |
| б) мезгилдүү басма сөз: |
|
| - үйгө | 2с/сутки |
| - макаланы кёчүрүп алууга | 1 сом |
| в) окуу бөлүмүнүн басылмасы: |
|
| - үйгө | 5с/сутки |
| - макаланы көчүрүп алууга | 3 сом |
| г) сырттан берүү (1 тапшырык) | 6 сом |
| - тандоо жана сактоо | 3+3 |
| д) ээлөө: |
|
| - китеп | 3с/сутки |
| - мезгилдүү басма сөз | 1с/сутки |
| е) китепканын ичинде DVD тасма көрүү (1 фильм) |
5 сом |
5. | Библиографиялык малым кат берүү: тематикалык жана фактографиялык: |
|
| а) адабияттарды тандоо | 3 сом |
| б) китептин ортосуна салчу тасма (тема издөө) | 3 сом |
| в) адабияттарды тандоо жана тасма | 6 сом |
| г) теманы издөө жана көчүрмө (1 бет- 5 сом) | 8 сом |
Шаардык китепкана башчысы Е. Медведева