Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-январы № 84
“Шопоков шаардык кеңешинин 2014–жылдын 25 майында кабыл алынган № 62 Токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак – аштын акчалай нормалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008–жылдын 15-январындагы № 7 токтомуна ылайык “Наристе” бала бакчасындагы тамак – аштын акчалай нормасына жана башка чыгымдарына өзгөртүү киргизүү боюнча Шопоков шаарынын мэриясынын кайрылуусунун негизинде, Шопоков шаардык депутаттар кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Наристе” бала бакчасында тамак – аштын жана башка чыгымдардын акчалай нормаларын төмөнүчө белгилөө:
- Бюджеттик мекемелерде иштеген ата – энелер үчүн күнүнө – 45 сом, анын ичинен:
- 18 сом ата – энелер төлөшөт
- 18 сом шаардык бюджеттен бөлүнөт, ошондой эле ата – энелер чогулушунун чечимине ылайык, тамак - ашты жакшыртуу максатында, кошумча 9 сом ата – энелердин ыктыярдуу төгүмүнүн эсебинен бөлүнсүн жана бул сумма кайра эсептелүүгө тийиштүү, эгерде бөбөк, бала бакчага келбей калса.
- Бюджеттик эмес мекемелерде иштеген ата – энелер үчүн күнүнө – 75 сом, анын ичинен:
- 36 сом тамак – ашка сарпталат, ошондой эле кошумча 9 сом ата - энелердин ыктыярдуу төгүмүнүн эсебинен бөлүнсүн жана бул сумма кайра эсептелүүгө тийиштүү, эгерде бөбөк, бала бакчага келбей калса.
- 30 сом башка чыгымдарга сарпталат.
Төрага | А. Демьянов |