Редакцияот 15.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шопоков шаардык кеңешинин 8-чи чакырылышынын ХVIII кезексиз сессиясы

 

2015-жылдын 15-январы № 87

“Ак тилек бала бакчасындагы тамак – аштын нормаларын белгилөө боюнча”

Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак – аштын акчалай нормалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 – жылдын 15-январындагы № 7 токтомуна ылайык Шопоков шаарынын “Ак тилек” бала бакчасындагы тамак – аштын нормасын белгилөө боюнча бала бакчанын жетечисинин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Шопоков шаардык депутаттар кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Тамак – аштын жана башка чыгымдардын акчалай нормасын төмөнүчө белгилөө:

Бюджеттик мекемелерде иштеген ата – энелер үчүн күнүнө – 36 сом, анын ичинен:

- 18 сом ата – энелер төлөшөт;

- 18 сом шаардык бюджеттен бөлүнөт.

 

- Бюджеттик эмес мекемелерде иштеген ата – энелер үчүн күнүнө – 75 сом, анын ичинен:

- 36 сом тамак – ашка сарпталат жана бул сумма кайра эсептелүүгө тийиштүү, эгерде бөбөк, бала бакчага келбей калса.

- 39 сом башка чыгымдарга сарпталат.

 

Төрага

 А. Демьянов