Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-майы № 62
“Наристе бала бакчасындагы тамак – аштын нормаларын белгилөө боюнча”
Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак – аштын акчалай нормалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 – жылдын 15-январындагы № 7 токтомуна ылайык Шопоков шаарынын “Наристе” бала бакчасындагы тамак – аштын нормасын белгилөө боюнча бала бакчанын жетечисинин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Шопоков шаардык депутаттар кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тамак – аштын жана башка чыгымдардын акчалай нормасын төмөнүчө белгилөө:
- Бюджеттик мекемелерде иштеген ата – энелер үчүн күнүнө – 36 сом, анын ичинен:
- 18 сом ата – энелер төлөшөт
- 18 сом шаардык бюджеттен бөлүнөт.
- Бюджеттик эмес мекемелерде иштеген ата – энелер үчүн күнүнө – 75 сом, анын ичинен:
- 36 сом тамак – ашка сарпталат жана бул сумма кайра эсептөөгө тийиштүү, эгерде бала, бала бакчага келбей калса.
- 39 сом башка чыгымдарга сарпталат.
Төрага | А. Демьянов |