Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 187
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Жунай Мавляновдун ысымын түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында географиялык аталыштары жөнүндө» мыйзамына ылайык, Бишкек шаарында топонимика жана ысымды түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын 2014-жылдын 22-апрелиндеги отурумунун № 2 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын «Көк-Жар», «Улан» кичи райондорундагы «Аламедин» дарыясынын бойлой өткөн, чыгыш чоң Чүй каналынан И. Ахунбаев көчөсүнө чейинки аты жок көчөгө Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Жунай Мавляновдун аты ыйгарылсын (чийме тиркелет).
2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзам тарабынан белгиленген тартипте аншлагдарды орнотууну жүргүзсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), «Бишкек шаарынын архитектура жана шааркурулушу боюнча башкы башкармалыгы» муниципалдык ишканасы (Б. А. Абдиев) эсепке алуу, инвентаризациялык маалыматтарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркурулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. М. Кененбаев |