Загрузка документа…
YЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-апрели № 87
Yч-Коргон айылдык аймагынын Жайыт комитетинин маселелери жөнүндө
1.Чоң-Капка постундагы унаа токтотуучу жай боюнча таксистердин кайрылуусунун негизинде келген 11.04.2016-жыл 28-8/131сандуу катты карап чыгып: Айылдык кенеш жер чектеп берγγгѳ (трансфармациялоо) укугу жоктугунан Чоң-Капка постундагы жагдайды турукташтыруу максатында 0,5га жер тилкесин жайыт комитети озунун мыйзамдуу укугу менен эс алуучу жайга келишимдин негизинде болуп берилсин.
КР Ѳкмѳтγнγн Жайыт ресурстарынын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берγγ тартиби жѳнγндѳ (2013-жылдын 13-сентябры № 515) токтомдун редакциясына ылайык.
2. Жайыт комитетинин 2015 жылга отчёту канаттандырарлык деп табылсын.
3. Жайыт комитетинин тѳрагалыгына Джумшаев Абдыашым өзү калтырылсын.
4. Жайыт комитетинин 2016 жылга бюджети кабыл алынсын (тиркеме тиркелет).
5. Кризистик «Колдоо» борборундагы балдарга колдоо көрсөтүү боюнча иш алып баруу жагы, жайыт комитетинин төрагасы Джумашаевге милдеттендирилсин.
6. Yч-Коргон айыл тургундарынына балык өстүрүү жана жар жээгиндеги булундарды ээлеген фермерлерге уруксат берилсин.
7. Ар жылына балык остурууго 1000сом жана булундарды курчаган фермерлерден 200 сом өлчөмдө төлөм түшүрүлсүн.
8. Мал башына жана жол жээгиндеги калкка кызмат корсоткон, ар бир журтка чыккан толом 2016 жылы кабыл алынган шарттуу мал башына 100 сом,ар бир уйго 2000 сом олчомундо бекитилсин.
9. Маркум А. Базаркуловдун СССРдин 2 жолку «Ленин ордени менен сыйланган эмгегин эске алып,Суусамыр ороонундогу Казы- Жар участкасына Базаркулов Алымкул атындагы ат майдан ачууга уруксат берилсин.
10. Жайыты бар айылдар мал башына чыккан толомдун 50% пайызы төлөнсүн.
11. Кой мончо салууга айыл өкмөттөн Кызыл-Адыр каналынын жээгинен жер тилкесин болуп берүү милдеттендирилсин.
12. Карызы бар фермерлерге Суусамыр ороонунон жайыт болунбосун, 25 майдан эрте уруксатсыз кочуп барса мыйзам чегинде , жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынан комиссия тγзγп айып салынсын жана сот аркылуу болсо да ѳндγрγлсγн.
13. Yч Коргон айыл аймагынын жайыттарындагы малдын олумтугун таштоочу Беккер чуңкурлары мыйзам чегинде, талапка ылайык курулсун.
14. Yч Коргон айыл аймагынын жайыттары 2015 чыккан орууга каршы фермерлерден чогулган жана окмоттон болунгон акча каражатына дарылансын.
15. Yч Коргон айыл аймагына караштуу жайыттардан мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга , суроо талап болсо мыйзам чегинде жайыт комитети болуштурсун.
16. 2016-жыл вакцинация өткөндүгү тууралуу маалымат болбосо жайыт билети берилбесин
17. Жайыт комитетинин бухгалтерине М.Ш. Турумбековго дайындалсын.
18. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кенешинин агрардык комитетинин тѳрагасы А. Абдувалиевке милдеттендирилсин. Райондук гезитке мамлекеттик тилде жана расмий тилде жарыяга берүү жагы А. Айтматовага жγктѳлсγн.
Төрага | З. Курманалиев |