Загрузка документа…
ТЕМИР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-июну № 27
Таштанды таштоочу жайга жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-июнундагы № 415 «Кыргыз Республикасында кату тиричилик калдыктарын башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында Эл депутаттарынын Темир айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Темир айыл аймагында жайгашкан «Сасык Булак» участкасынан Темир, Кашат айылдарынын тургундары үчүн, таштанды таштоочу жайды уюштурууга жер бөлүп берүү жагы каралсын.
2. Тиешелүү документтерин тактап, токтомдун туура жана так аткарылышы айыл өкмөт башчысы А. Дулатовго жүктөлсүн.
Төрага | К.Ж. Чыналиев |