Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-августу № 126/XXXVI – 5
Кайынды шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин бекитүү жөнүндө
Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-берененин 8-пунктундагы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 18 жана 31-беренелерине ылайык, Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. Кайыңды шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча реестри № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кайынды шаарынын мэриясысынын каржы жана үнөм бөлүмү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып жетекчиликке алышсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |
№ 1 тиркеме
№ | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү стандарттандаштырууга жооптуу ыйгарым орган | Кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык мекемелер | Муниципалдык кызматты көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү, акысыз |
1 | Кыш мезгилинде жетим балдарга, согуштун ардагерлерине, ооруктун катышуучуларына, афган, баткен ардагерлерине, кургак учук менен жабыркагандарга бир жолу жыгач отун берүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти | Акысыз |
2 | Аз камсыз болгон үй- бүлөлөрдөгү балдардын ар кандай мелдештерге катышуусуна керек болгон учурда транспорттук чыгымдарын төлөп берүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайынды шаарынын мэриясы | Акысыз |
3 | Аз камсыз болгон үй – бүлөлөрдөгү балдардын мектепке баруусуна бир жылда бир жолу материалдык жардам көрсөтүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайынды шаарынын мэриясы | Акысыз |
4 | Кургак учук менен жабыркаган адамдардын санаторийге баруучу жол киресин бир жылда бир жолу төлөп берүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайынды шаарынын мэриясы | Акысыз |
5 | Муктаж болгон жарандардын кайралуусу боюнча социалдык абалына жараша бир жолку жардам көрсөтүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайынды шаарынын мэриясы | Акысыз |
6 | Жашагандыгы тууралуу аныктама берүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайынды шаарынын мэриясы | Акы төлөнүүчү |
7 | Жашагандыгы тууралуу акт берүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайынды шаарынын мэриясы | Акы төлөнүүчү |
8 | Туруктуу жашаган жерине каттоо жана чыгаруу | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайынды шаарынын мэриясы | Акы төлөнүүчү |
9 | Жашаган жерине убактылуу каттоо | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайынды шаарынын мэриясы | Акы төлөнүүчү |
10 | Ичүүчү суу менен камсыз кылуу | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти | Акы төлөнүүчү |
11 | Таштандыларды жана агып чыккан сууларды кабыл алуу | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти | Акы төлөнүүчү |
12 | Катуу таштандыларды чогултуу жана утилдештирүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти | Акы төлөнүүчү |
13 | Жарнамалык такталарды ижарага берүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти | Акы төлөнүүчү |
14 | Кичи - футболдук талааны ижарага берүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти | Акы төлөнүүчү |
15 | А.И. Радченко атындагы спорткомплексти, Кайыңды шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринин футбол талааларын жана спорт залдарын ижарага берүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти | Акы төлөнүүчү |
16 | Муниципалдык мончого кирүү акысы | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти | Акы төлөнүүчү |