Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 24/11
Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын эски кырманынын алдындагы көчөгө эмгек ардагери Акматов Баймырзанын ысмын берүү жөнүндө
«КР географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын эски кырманынын алдындагы көчөгө эмгек ардагери Акматов Баймырзанынысмын берүү жөнүндө элдик жыйындын № 1 токтомун жана Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 16-июнундагы № 22 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын эски кырманынын алдындагы көчөгө эмгек ардагери Акматов Баймырзанынысмы берилсин жана ал көчө “Акматов Баймырза атындагы көчө”, деп аталсын.
2. Кербен шаарынын мэриясы, көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап берсин. Анын туура жайгашуусун жана жазылуусун көзөмөлгө алсын.
3. Ат коюу салтанатын уюштуруу жана Кербен шаарынын мэриясы менен макулдашылган формадагы, өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап илдирүү жагы аты коюлуп жаткан инсандын үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.
4. Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.
5. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген «КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун 25-пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом «www.Kerben.Aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Шакиевге тапшырылсын.
Төрага | К. Бостонов |