Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-апрели № 1
Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери жүргүзгөн инвентаризациясынан кийин Ленин айыл өкмөтүнүн жалпы жер аянтынын балансасын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңештин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн балансасындагы жерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Жер фондусунун инвентаризациялоо жөнүндө” № 114 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери жүргүзгөн инвентаризациясы жактырылсын.
2. Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссия курамынан Ленин айыл өкмөтүнүн жер балансасын ушул токтомдун негизинде кабыл алып, токтом чыгарып берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Ленин айылдык кеңешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы депутат А. Тунгатаровко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Токтосунов |