Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-январы № 17/2
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 2016-жылга перспективалык иш-планын бекитүү жөнүндө
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А. Мусаевдин айылдык кеңештин 2016-жылга перспективалык иш-планы боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 2016-жылга перспективалык иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет ).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Мусаев |
Депутаттардын Ылай-Талаа айылдык округдук кеңешинин
(V чакырылыштагы) 15.01.2016-жылдагы кезектеги XVII
сессиясынын жыйналышынын № 17/2- токтомуна тиркеме
№ | Каралуучу маселе | Каралуучу айы | Сессияга даярдоочу жооптуу кызматкерлер |
|
1 | Айылдык Округдук Кеңештин депутаттарынын эл арасында жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчетторун угуу
| ар бир кварталда | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
2 | Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2015-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө | февраль | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана ФЭБ башчысы |
|
3 | Жазгы талаа жумуштарынын абалы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча айыл Өкмөтүндө жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө. | февраль | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
4 | Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жашаган калктын малдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жана жалпы эпизоотиялык абалды көзөмөлгө алуу боюнча ветеринардык сервистердин 2015-жылдын жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө. | февраль
| Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
5 | Алыскы жана жакынкы жайыттарды, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүү жана пайдалануу боюнча айыл Өкмөтүнүн 2015-жылы жургузгон иштеринин жыйынтыгы жөнүндө | апрель | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары, жайыт бирикмесинин төрагасы |
|
6 | Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы калкты таза суу менен камсыз кылууда Ылай-Талаа айылдык таза суу комитетинин 2015-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө | апрель | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары, СООПВ башчысы |
|
7 | Алыскы жана жакынкы жайыттарды пайдалануу, ага баруучу жолдордун абалы жана жайыт акыларын чогултуу боюнча жайыт бирикмесинин 2015-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери жөнүндө. | апрель | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү, жайыт бирикмесинин төрагасы |
|
8 | Айыл Өкмөтүнүн алты айлык бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө | июль | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана ФЭБ башчысы |
|
9 | Айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан иштер, ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча «Коомдук алдын алуу борборунун», аймактык инспектордун ,айыл Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиялардын жана Аксакалдар Сотунун, Аялдар, Жаштар Кеңештеринин жер-жерлерде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө. | июль | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү, аймактык инспектор, коомдук Кеңештер жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
10 | Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн калкын пенсия, пособия маалымат менен тейлөөдө Ылай-Талаа айылдык байланыш бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | июль | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары, айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысы |
|
11 | Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн аймагындагы билим берүүчү мектептерде окуучуларга шашке тамагын берүүдө мектеп администацияларынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | октябрь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
12 | Айыл Өкмөтүнүн тогуз айлык бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө | октябрь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана Ф.Э.Б башчысы |
|
13 | Эмгек коллективдерде эмгек тартибин чыңдоо жана укук бузуучуларга каршы жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө | октябрь | Туруктуу комиссиялардын мүчөлөру |
|
14 | Айыл Өкмөтүнүн аймагында жашаган элди электр энергиясы менен тейлөөнүн жүрүшү жана дебитордук карыздардын төлө нүшүнүн абалы жөнүндө | декабрь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
15 | Айыл Өкмөтүнүн аймагында жашаган калктын саламаттыгын сактоодо № 7-ҮБДТ жана ФАПтардын жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө. | декабрь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары, №7-ҮБДТ-нун башчысы |
|
16 | Сырткы жана ички инвестицияларды тартууда айыл элинин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда айыл Өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | декабрь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы : С. Осмоналиев.