КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз VIII заседаниеси
2016-жылдын 11-апрели № 8/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Көкүев Садыбакастын арызын жана айыл өкмөт башчысынын 2016-жылдын 5-апрелиндеги № 51 сунушунун негизинде Күңгөй айылынын негизги көчөсүнө ат ыйгаруу жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Күңгөй айылынын негизги көчөсүнө ат ыйгаруу жөнүндө Көкүев Садыбакастын арызын жана айыл өкмөт башчысынын 2016-жылдын 5-апрелиндеги № 51 сунушун карап чыгып, талкуулап “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү” 18-июль 2014-жылдагы № 144 мыйзымынын 1-7-беренелерине ылайык Кабылан-Көл айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз VIII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү” 18-июль 2014-жылдагы № 144 мыйзымынын 1-7-беренелерине ылайык Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Күңгөй айылынын негизги көчөсүнө ат ыйгаруу жөнүндө Көкүев Садыбакастын арызын жана айыл өкмөт башчысынын 2016-жылдын 5-апрелиндеги № 51 сунушу жактырылсын.
2. Күңгөй айылынын негизги көчөсүнө “Аттокур Козонов” деген ат ыйгарылсын.
3. Ушул токтомду областтык Юстиция бөлүмүнөн каттоодон өткөрүүгө, иш кагаздарын даярдоо Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г. Сарыбаевага жана Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмунөн каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Сактановго тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловго жана жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |