Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-майы № 31/2
Дөбөлү айыл аймагынын чегинде үй жаныбарларын багуу тууралуу эрежесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө», КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жайыттар жөнүндө» мыйзамдарына ылайык Дөбөлү айыл аймагында ветеринардык-санитардык коопсуздукту, жарандардын дени сак болуусу менен үй жаныбарларынан жугуштуу оорулардан сактоону жана жайыт пайдалануу планындагы талаптарды аткаруу боюнча Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндөгү жобосунун долбоорун иштеп чыгуу жана талкулоо боюнча жумушчу топтун төрагасы, Дөбөлү айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы У.Алсейитовдун маалыматын жана Дөбөлү айылдык кеӊешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципиалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, аталган туруктуу комиссиянын төрагасынын маалыматтарын угуп, талкуулап, Дөбөлү айылдык кеӊешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын чегинде үй жаныбарларын багуу тууралуу эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Дөбөлү айыл аймагынын жооптуу катчысына (Ж. Касымовага) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына (У. Алсейитовго) жана Дөбөлү айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципиалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына (Э. Алманбетовго) жүктөлсүн.
Төрага | К. Исаков |
Тиркеме
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин
ХХVI чакырылышынын 2016-жылдагы
13-майындагы кезексиз сессиясынын
№ 31/2 токтому менен бекитилди
Учурдагы кабыл алынып жаткан эреже КРнын «Ветеринария жөнүндө», КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жайыттар жөнүндө» мыйзамдарына ылайык кабыл алынып, Дөбөлү айыл аймагында ветеринардык-санитардык коопсуздукту, жарандардын дени сак болуусу менен үй жаныбарларынан жугуштуу оорулардан сактоону жана жайыт пайдалануу планындагы талаптарды аткарууну көздөйт.
Учурдагы эреже үй-жаныбарларын багып жаткан жарандар жана башка юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ведомстволук жана менчигинин түрүнө карабастан так аткарууга милдеттүү.
Ит жана мышык жаныбарын багууда:
Жарандар жана башка юридикалык жактар менчигинин түрүнө карабастан ит жана мышык жаныбарын багууда, Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан өтүп жаткан жылдын 1- март чейин каттоодон өткөрүүгө жана иттерге паспорт алууга милдеттүү;
Каттоодон өткөрүүдө вет адис катталган итке атайын каттоо барагын (паспорт) берүү менен, ит жаныбарынын өӊү башын, жашын жана ээсинин фамилия аты жөнүн каттап алууга милдеттүү;
Ит жаныбарынын ээси төмөндөгүлөргө милдеттүү;
Багып жаткан ит жаныбарын байлап багууга;
Багып жаткан жерди таза кармап, дезинфекциялап турууга;
Жылдын ичинде ветеринардык адистердин талаптарына жана эрежелерине ылайык бир жолу чума жана кутурма ооруларына жана 4 жолу эхинококкоз, альвекокоз ооруларына текшертүүгө жана ооруга каршы вакцинацияларды жүргүзүүгө;
Багып жаткан ит жана мышык жаныбары өлүп калганда же ит жаныбарынын ээсин багуудан баш тартканда Дөбөлү айыл өкмөтүнүн ветадисине тапшыруу менен жок кылууга жана «беккари» чуӊкуруна көмүүгө.
Ит жана мышык жаныбарын вакцинациялоо боюнча чыгымдарды төлөөгө;
Ит жаныбарын багуучулар Дөбөлү айыл өкмөтүнөн каттоо жургузүүдө, паспорт алууда жана кышкы мезгилде бош кароосуз жүргөн иттерди жок кылуу чыгымдарды толтуруу үчүн бир жылда, бир жолу 100 сом өлчөмдө акча каражатын, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн эсептик счетуна төлөйт.
Каттоодон өтпөгөн жана дарыланбаган иттер жок кылынат.
Багылып жаткан ит тарабынан адамдарга жана малдарга зыян келтирилген учурларда иттин ээси тарабынан келтирилген зыян толтурулууга милдеттүү.
Уй, кой жаныбарларын багууда:
Жарандар жана башка юридикалык жактар менчигинин түрүнө карабастан кой, эчки, топоз, жылкы, төө жана уй жаныбарын багууда өтүп жаткан жылдын жыл аягынын 28-декабрына чейин Дөбөлү айыл өкмөтүнөн каттоодон өтүү менен чарба китепке катталууга милдеттүү;
Каттоодон өткөрүүдө вет адис тарабынан түзүлгөн актынын негизинде, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн чарба китебине катталууга милдеттүү:
Уй жана кой малын багуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
Мал багып жаткан жерди таза кармап, дезинфекциялап турууга;
Уй малын бош көчөөгө кое берип, бак дарак жана башка айыл тургундарынын огороддоруна зыян келтирбөөгө;
Жылдын ичинде ветеринардык адистердин талаптарына ылайык жугуштуу ооруларга каршы вакцинацияларды жүргүзүүгө;
Багып жаткан малдын өлүктөрүн Дөбөлү айыл өкмөтүнүн ветадисине билдирүү менен «беккари» чункуруна көмүүгө.
Уй жана кой жаныбарларын вакцинациялоо боюнча чыгымдарды төлөөгө.
Кароосуз бош жүргөн уйлар, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн коомдук жайда жайгашкан жана айыл тургундарына тиешелүү бак даракка, огороддогу түшүмдөргө зыян келтирүүгө бөгөт коюу максатында Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан камакка алынышы керек жана камакка кармоого кеткен чыгым 200 сом өлчөмдө зыянды төлөө менен ээсине кайтарылып берүүгө милдеттүү.
Мал кармаган жарандар ар бир жылдын 1-майынан 1-октябрына чейинки мөөнөттө алыскы жайыттарда жайыттар планына ылайык көчүп конууга милдеттүү.
Учурдагы уй-жаныбарларын багуу тууралуу эрежесин бузуп, ветеринардык малды вакцинациялоо аткарбай малын жашырган же бош кароосуз кое берген жана жайыт планын бузган жарандар жана башка юридикалык жактар, менчигинин түрүнө карабастан КРнын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» Кодексинин талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
Төрага: К. Исаков