Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-майы № 31/3
Дөбөлү айыл аймагындагы Салкын-Тор участкасындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу үчүн конкурс өткөрүү тартиби боюнча жобону бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагындагы Салкын-Тор участкасындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу үчүн конкурс өткөрүү тартиби боюнча жобону Салкын-Төр Жаратылыш паркынын директору Токталиев Рахатбектин маалыматтарын угуп, талкуулап, Дөбөлү айылдык кеӊешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу үчүн конкурс өткөрүү тартиби боюнча жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарлышын камсыз кылып аткаруу жагы Салкын-Төр жаратылыш паркынын директору Р. Токталиевге милдеттендирилсин.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Дөбөлү айыл аймагынын жооптуу катчысына (Ж. Касымовага) милдеттендирилсин.
Төрага | К. Исаков |
Тиркеме
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин
ХХVI чакырылышынын 2016-жылдагы
13-майындагы кезексиз сессиясынын
№ 31/3 токтому менен бекитилди
Ушул мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу үчүн конкурс өткөрүү тартиби жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна конкурстарды (мындан ары – конкурс) даярдоо жана өткөрүү эрежелерин аныктайт.
Конкурс – тоорук жолжобосу, мында мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарынын чектеринде жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү жүргүзүлөт. Конкурс төмөнкүдөй эки форма боюнча жүргүзүлөт:
- коммерциялык конкурс – белгиленген конкурстук шарттарды милдеттүү түрдө сактоо менен, мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зонасындагы жер участогун убактылуу пайдалануу үчүн кыйла чоң суммадагы төлөм акысын сунуштаган, конкурста жеңип чыккан адам анын жеңүүчүсү деп таанылган конкурстун формасы;
- инвестициялык конкурс – конкурстук шарттарды сактоо милдеттенмелеринен тышкары, ошондой эле убактылуу пайдаланууга берилген мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зонасындагы жер участогун жакшыртууга инвестицияларды чегерүүгө милдеттенген, конкурста жеңип чыккан адам анын жеңүүчүсү деп таанылган конкурстун формасы.
Мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы конкурсту өткөргөнгө чейин мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зонасындагы жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү үчүн жер участогунун документтерин түзүүнү жүзөгө ашырат. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зонасындагы жер участокторун берүү ачык конкустардын (коммерциялык жана инвестициялык конкурс) натыйжалары боюнча жүргүзүлөт.
Конкурстун уюштуруучусу катары мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы чыгат, ал конкурстардын формаларын аныктайт.
Конкурсту өткөрүү үчүн курамында курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын аймактык органынын, мамлекеттик жаратылыш паркынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, Д=б=лъ, Алыш, Кещеш айылдарынын тургундарынан, коомдук уюмдардын, өкүлдөрү болгон конкурстук комиссия түзүлөт. Конкурстук комиссиянын курамы конкурстун уюштуруучусу тарабынан бекитилет.
Комиссия мүчөлөрүнүн саны так эмес болушу жана 7 (жети) кишиден аз эмести, бирок 11 (он бир) кишиден көп эмести түзүшү керек.
Конкурстун уюштуруучусу Комиссиянын курамына киргизүү үчүн, ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардан талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жазуу жүзүндө суратып алат.
Комиссиянын курамына бардык талапкерлер аныкталгандан кийин, Конкурстун уюштуруучусу өзүнүн чечими менен Комиссиянын курамын бекитет.
Конкурстук комиссия комиссиянын төрагасынан, анын орун басарынан, комиссиянын мүчөлөрүнөн жана комиссиянын жумуштарын уюштурууну камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу комиссиянын катчысынан турат. Төрагасы болбогондо, аны төраганын орун басары алмаштырат.
Конкурстук комиссия ага комиссия мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмеси катышканда кворумга ээ болот жана укук ченемдүү деп эсептелет.
Конкурсту даярдоо жана өткөрүү өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алууну;
конкурс өткөрүү жөнүндө кабарлама даярдоону жана жарыялоону;
конкурстук документтерди даярдоону жана аны конкурска катышууга талапкерлерге көрсөтүүнү;
конкурска катышууга талапкерлерден конкурстук сунуштар менен билдирмелерди кабыл алууну;
конкурстук сунуштар менен конверттерди ачууну;
келип түшкөн конкурстук сунуштарды баалоону, конкурстун жеңүүчүсүн аныктоону;
жеңүүчүнүн жана конкурстун уюштуруучусунун ортосунда конкурстун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюуну;
мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зонасындагы жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишим түзүү укугуна комиссиянын корутундусун;
Мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зонасынын чек араларындагы жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишим түзүү укугу конкурстун предмети болуп саналат.
Конкурстун уюштуруучусу конкурсту өткөрүүнүн датасы, орду жана убактысы жөнүндө чечим кабыл алат, ошондой эле конкурстун өткөрүлүүчү жери боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынап кабарлама жарыялоо жолу менен, аны өткөрүү жөнүндө маалымдайт.
Конкурсту өткөрүү жөнүндө кабарлама (кулактандыруу) ал өткөрүлгөнгө чейин 30 күндөн кем эмес калганда жасалышы керек. Кабарлама төмөнкү маалыматтарды камтуусу тийиш:
конкурстун уюштуруучусунун аталышын, конкурсту өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун;
конкурстун предметин;
убактылуу пайдаланууга сунушталган режимдик зоналардын жер участогунун кыскача мүнөздөмөсүн;
конкурстук комиссия тарабынан талапкерлерден сунуштарды кабыл алуунун (күнүн жана саатын көрсөтүү менен) акыркы мөөнөтүн;
конкурстук документтерди алуу үчүн конкурстук комиссиянын катчысынын дарегин, телефонун.
Конкурстун уюштуруучусу конкурстук документтерди иштеп чыгат жана бекитет.
Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү мамлекеттик жаратылыш парктарынын администрациясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Конкурстарды уюштуруу жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Конкурстук документтер конкурсту өткөрүү жөнүндө кабарламада көрсөтүлгөн дарек боюнча конкурстук комиссиянын катчысы тарабынан талапкерлерге берилет.
Конкурстук документтер төмөнкүлөрдү камтыйт:
конкурстун катышуучусунун сурамжылоо-анкетасын;
конкурска катышуу билдирмесине жана конкурстук сунуштарды жол-жоболоштурууга карата талаптарды, ошондой эле конкурстун уюштуруучусу тарабынан бекитилген билдирменин формасын;
конкурстун катышуучуларына конкурстук сунуштарды даярдоо боюнча форманы;
конкурска катышууга билдирмеге тиркелүүчү документтердин тизмегин.
Сурамжылоо-анкетасында конкурстун катышуучусунун маалым-даректери суралат:
жеке адамдар үчүн – фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттук маалыматтары, салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру (ал болсо), дареги, телефону.
Юридикалык жактар үчүн – аталышы (уюштуруу-укуктук формасын көрсөтүү менен), уюмдаштыруу жана каттоого алуу документтери жөнүндө маалыматтар, салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру, юридикалык жактын аткаруучу органы тууралуу маалыматтар, дареги, телефону, факсы, банктагы эсебинин номуру;
конкурстун катышуучусунун атынан аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу жана юридикалык документтерге кол коюу укушуга ээ болгон адамдардын фамилиясы, ишеним каттын маалым-даректери.
Конкурстук документтердин курамына конкурстун катышуучуларына конкурска катышуу билдирмесин жана өзүнүн конкурстук сунуштарын туура жол-жоболоштурууга мүмкүнчүлүк берүүчү нускама кирет. Конкурстун катышуучуларына Нускама төмөнкүлөрдү камтыйт:
конкурсту өткөрүүнүн шарттарына тийиштүү түшүндүрмөлөрдү алууга болгон конкурстук комиссиянын өкүлү менен байланышуу үчүн даректи;
конкурстун катышуучусунун убактылуу пайдаланууга берилген жер участогу же бул участок тууралуу картографиялык же башка материалдар менен алдын ала таанышуусунун тартибин;
конкурстук сунуштарды жол-жоболоштуруунун тартибин;
сунуштарды берүүнүн ыкмасы жөнүндө көрсөтмөнү (жеке өзү кол кат менен, тапшырык почтасы аркылуу ж. б.);
конкурстук сунуштарды кутулоого карата талаптарды;
конкурстун жеңүүчүсү менен жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимге ким жана кандай мөөнөттөрдө кол коёру жөнүндө көрсөтмөнү.
Конкурстук документтердин коммерциялык бөлүгү төмөнкүлөрдү камтыйт:
убактылуу пайдаланууга берилген жер участокторун өздөштүрүүнүн жана пайдалануунун ыкмаларын;
конкурстун жеңүүчүлөрүн тандоонун критерийлерин (көрсөтүлгөн критерийлердин катарына төмөнкүлөр киргизилиши мүмкүн: ижара акысынын көлөмү, жумуштарды аткаруунун, убактылуу пайдаланууга берилген участокторду, сактоо, коргоо боюнча иш чараларды өткөрүүнүн, жаңы жумушчу орундарын түзүүнүн, жумуштарды өткөрүү райондорунда социалдык маселелерди чечүүгө катышуунун ж. б. баасы жана мөөнөттөрү);
- ижаранын старттык баасы (төлөмү) функционалдык зоналардын жана алардын режимдерин, убактылуу пайдаланууга берилген жер участокторунун чарбалык, экологиялык, курорттук, рекреациялык маанилүүлүгүн эске алуу менен, конкурстук комиссия тарабынан дифференциялдуу белгиленет.
Конкурска катышууну каалаган жактар белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган конкурстук сунуштар менен билдирмени конкурстук комиссияга беришет.
Билдирмеге жана конкурстук сунуштарга конкурска катышууга билдирме берүүчүнүн же болбосо анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу коюлушу керек. Өкүлдүн ыйгарым укуктары белгиленген тартипте жол-жоболоштурулуп тиркелген ишеним кат менен бышыкталат.
Юридикалык жактар тарабынан берилген билдирмеге төмөнкү документтер тиркелет:
белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөлөрү жана юридкалык жакты мамлекеттик катоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
салык органында эсепке коюу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
төлөм жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалыматтар (карыздардын жлктугу жана башка);
уюмдун түзүмү, кызматкерлеринин саны жана квалификациясы, ушундай иштердеги тажырыйбасы жөнүндө маалымкат;
Билдирме жана берилген документтердин тизими 2 нускада түзүлөт, алардын бири конкурстун уюштуруучусунда, экинчиси – талапкерде калат.
21. Конкурска катышууга жоюлуу же кайра уюштуруу баскычында турбаган, белгиленген тартипте конкурска катышууга билдирмесин жол-жоболоштурган жана конкурстун уюштуруучусуна белгиленген мөөнөттөрдө конкурстук документтерде көрсөтүлгөн башка зарыл болгон документтерди берген жеке жана юридикалык жактар коё берилет.
Бир талапкер конкурска катышууга бир гана билдирме берүүгө укуктуу.
Конкурстун уюштуруучусуна карата аффилирленген жак болуп саналган уюмдар жана конкурстук комиссиянын курамына кирген конкурстун уюштуруучусунун кызматкерлери конкурстун катышуучулары боло алышпайт.
Билдирме берүүчүгө конкурска катышууга төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн, эгерде:
конкурска катышууга талапкер жак белгиленген мөөнөттө бардык зарыл болгон документтерди бербесе;
конкурска катышууга талапкер жак конкурстук документтерде алдын ала билип туруп жалган маалыматтарды берсе.
Конкурска катышууга билдирме берүү катышуучунун конкурстун шарттары менен макулдугун жана анын бул шарттарды кабыл алганын билдирет.
Билдирме берүүдө жеке адам инсандыгын ырастоочу документти көрсөтөт. Билдирме талапкердин өкүлү тарабынан берилген учурда, ишеним кат көрсөтүлөт.
Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяланган күндөн тартып конкурстун ачылган күнү болуп саналат. Белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин билдирмелерди кабыл алуу токтотулат.
22. Конкурстун катышуучусу конкурстун уюштуруучусуна жана конкурстук комиссиянын катчысына бул тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү менен, билдирмелерди кабыл алуунун акыркы күнүнө чейин өзүнүн сунушун чакырып алууга укугу бар.
23. Конкурстук сунуштар конверттин кагаз менен чапталган жериндеги чапттоочу менен чапталган, билдирме берүүчүнүн же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу коюлган, өзүнчө конвертте гана кабыл алынат. Коюлган колдор мөөр менен күбөлөндүрүлгөн болушу керек (юридикалык жактар үчүн). Конвертте конкурстун уюштуруучусунун аталышы жана дареги, жөнөтүүчүнүн аталышы жана дареги көрсөтүлөт.
Документтердин бардыгы дыкат жол-жоболонушу жана ачык түшүнүктүү толтурулушу керек. Өчүрүп тазалоого жана оңдоолорго жол берилбейт. Документтердин коюлган талаптарга жооп бербөөсү алардын конкурстук комиссия тарабынан жараксыз деп табылышына алып келет жана талапкердин конкурска катышуусунан баш тартылышы үчүн негиз болот.
24. Чапталган конверттердеги тиркелген документтер менен билдирме жана конкурстук сунуштар конкурстук комиссияга тапшырык кат менен жиберилет же колкат алуу менен конкурстук комиссиянын катчысына тапшырылат, ал билдирмени алынган датасын жана убактысын көрсөтүп, ар бир билдирмеге номур ыйгаруу менен билдирмелерди кабыл алуу журналына каттайт. Конкурстук сунуштары менен ар бир конвертке конкурстук комиссиянын катчысы тарабынан анын катталган номурун, документтердин берилген датасын жана убактысы көрсөтүлүү менен, билдирменен кабыл алынган жөнүндө белги коюлат.
Конкурстук комиссиянын катчысы конкурстун катышуучусуна катталган номурун көрсөтүү менен, кабыл алынган документтердин тизимин берет, ага конкурстун катышуучусунун статусу ыйгарылганы жөнүндө кабарламаны тапшырат же тапшырык кат менен билдирмеде көрсөтүлгөн дарек боюнча жиберет.
Алар каттоого алынгандан кийин берилген конкурстук сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Өткөрүлүп берилген учурдан тартып конкурстук сунуштары менен чапталган конверттердин сакталгандыгы үчүн жоопкерчиликти конкурстун уюштуруучусу тартат.
Билдирмелерди кабыл алуу аяктаган күнү конкурстук комиссиянын катчысы акыркы катышуучунун катталуу маалыматтарынан кийинки сапка тийиштүү жазууларды киргизүү менен билдирмелерди кабыл алуу журналын жабууну жүргүзөт.
Кабыл алуу датасы аяктагандан кийин кабыл алынган конкурстук сунуштар каралбайт жана конверттери ачылбастан конкурстун катышуучуларына кайтарылып берилет.
Конверттерди ачуу жана келип түшкөн конкурстук сунуштарды жана билдирмеге тиркелген башка документтерди кароо белгиленген күндө жана саатта конкурстук комиссиянын отурумунда конкурстун катышуучуларынын (же алардын ишенимкат боюнча ыйгарым укук берилген өкүлдөрүнүн) катышуусунда жүргүзүлөт. Эгерде бир конкурстук сунуш келип түшсө, анда конкурстун уюштуруучусу конкурска катышууга билдирмелерди берүүнү 30 күндөн ашпаган мөөнөткө узартуу жөнүндө чечим кабыл алалат. Эгерде белгиленген мөөнөттө да жаңы билдирмелер келип түшпөсө, конкурс болбой калган делип таанылат.
25. Коммерциялык конкурс аркылуу мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарынын чектериндеги жерлерди убактылуу пайдаланууга берүүдө коммерциялык конкурсту өткөрүүдө конкурстук комиссия билдирмелерди кабыл алуу аяктагандан кийин берилген документтерди карайт.
Конкурстук сунуштарды баалоонун критерийлерине ылайык, комиссия мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарынын чектериндеги жерлерди убактылуу пайдаланууга берүүнүн ачык соодаларына катышуу үчүн баллдардын өтүүчү суммасын алган талапкерлерден топ түзөт. Баллдардын өтүүчү суммасынын чоңдугу конкурстук комиссия тарабынан аныкталат. Конкурс ачык-айкын ыкма менен өткөрүлөт.
Кокурстун катышуучусу өзү же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу, аукцион усулу менен жүргүзүлүүчү ачык соодаларга катышууга укугу бар. Кыйла көбүрөөк бааны сунуш кылган катышуучу коммерциялык конкурстун жеңүүчүсү деп жарыяланат. Эгерде конкурска коюлган режимдик зонадагы жер участогуна үч жолу бир эле талапкерден билдирме берилген учурда, мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарынын чектериндеги жерлерди убактылуу пайдаланууга берүүдө бул участок старттык баасы боюнча ошол талапкерге берилет.
26. Инвестициялык конкурстарды өткөрүү артыкчылыктуу түрдө пайдаланылышы туристтик иш чараларды аткаруунун эсебинен мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарынын чектериндеги убактылуу пайдаланууга берилген участоктордун сапаттык көрсөткүчтөрүн жакшыртууда инвестицияларды талап кылган мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарынын жер участокторуна карата өткөрүлөт.
Конкурстук комиссия инвестициялык конкурстун негизги шарттарын, башкача айтканда, мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарынын жер участогун жакшыртуу боюнча зарыл көрсөткүчтөрдү аныктайт. Инвестициялык конкурсту өткөрүүнүн шарттарынын бул пакетин талапкерлер конкурска катышууга билдирме берүүдө алалышат.
Конкурска катышууга билдирме берүү менен бирге талапкерлер, конкурстук комиссиянын шарттарына ылайык мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарынын жер участогун жакшыртууда болжолдонгон инвестициялар боюнча зарыл болгон эсептөөлөрдү дагы бериши керек.
Инвестициялык конкурста ишара төлөмүнүн көлөмү мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарынын жер участокторунун старттык бааларынан төмөн болушу мүмкүн эмес.
Конкурстук комиссия инвестициялык конкурстун шарттарынын бири катары, конкурстун катышуучусунун өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарууну камсыз кылуучу инструменттерди (күрөө, кепилчилик, банктык кепилдик ж. б.) берүү боюнча талапты кошуп коюушу мүмкүн.
Кыйла мыкты инвестициялык сунушту киргизген катышуучу инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
27. Конкурстук комиссия комиссия тарабынан таанылган экиден кем эмес конкурстун катышуучусу болгондо, конкурстук сунуштарды кароого жана талкуулоого укуктуу.
Конкурс комиссия конкурстук сунуштарды конверттер ачылган күнү карайт. Конкурстук сунуштарды кароо жана талкуулоо конкурстук комиссиянын отурумунда жүзөгө ашырылат, анын датасы, убактысы жана өтүүчү жери конкурстук комиссиянын чечими менен аныкталат.
28. Конкурстук сунуштарды кароодо алардын конкурстук документтердин талаптарына ылайыктуулугу белгиленет, зарыл документтердин болгону жана аларды жол-жоболоштуруунун тууралыгы текшерилет.
29. Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук комиссия тарабынан конкурстук сунуштарды кароодо жүргүзүлөт. Конкурстун катышуучулары же алардын өкүлдөрү конкурстук сунуштарды баалоодо катышып отурууга укуктуу. Баалоонун жүрүшүндө конкурстук комиссиянын, түшүндүрмө берүү үчүн талапкерлерди чакырып алууга, алардан кошумча маалыматтарды жана бышыктамаларды суратып алууга укугу бар.
Конкурстук сунуштарды баалоо жана конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо конкурстук документтерде баяндалган критерийлердин негизинде жүргүзүлөт. Ошондой эле берилген конкурстук сунуштардын кошумча техникалык, уюуштруучулук жана коммерциялык артыкчылыктары көңүлгө алынышы мүмкүн.
30. Конкурстук сунуштарды баалангандан жана талкуулангандан кийин комиссия мүчөлөрүнүн добуш берүүсү менен конкурстун жеңүүчүсү аныкталат. Добуш берүүнүн натыйжалары протоколго киргизилет. Конкурстук сунуштары конкурстун шарттарына ылайык критерийлерди камтыган жана конкурстун шарттарына толук жооп берген конкурстун катышуучусу жеңүүчү деп таанылат.
31. Комиссия чечимдерди өзүнүн отурумдарында кабыл алат, алар ага Комиссия мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмеси катышып отурганда гана укук ченемдүү болуп эсептелет. Эгерде ал үчүн мүчөлөрдүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынган болуп эсептелет. Добуштар тең болуп калган учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
32. Жеңүүчү жөнүндө чечим конкурстук комиссиянын отуруму болгон күнү кабыл алынат, ал комиссиянын отурумунун протоколу менен жол-жоболоштурулат, ага конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Чечим менен макул болушпаган комиссиянын мүчөлөрү өзгөчө пикирлерин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу. Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарындагы жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү боюнча конкурсту өткөрүүгө байланыштуу комиссия мүчөлөрүнүн ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар ачык добуш берүү тартибинде чечилет.
Комиссиянын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
комиссия мүчөлөрүнүн – отурумдун катышуучуларынын тизмеси;
мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зонасындагы жер участогунун мүнөздөмөсү;
конкурстун катышуучуларынын Ф.А.А-а., аталыштары;
конкурстук сунуштарды кароо боюнча добуш берүүнү натыйжалары;
отурумдун жүрүшү боюнча протоколдо чагылдырууну талап кылуучу башка жагдайлар;
анын маалыматтары (маалым-даректери) көрсөтүлүү менен, конкурстун жеңүүчүсү.
33. Конкурсту өткөрүүнүн жолжоболору сакталганда, комиссиянын отурумунун протоколуна кол коюлгандан кийин конкурс өткөн болуп эсептелет.
34. Эгерде конкурс өткөн жок деп таанылса, конкурстун уюуштуруучусу мурдагы же өзгөртүлгөн шарттар менен, ушул Жободо белгиленген тартипте жаңы конкурс өткөрөт.
35. Конкурстун уюштуруучусу жана жеңүүчүсү комиссиянын отурумунан кийин 3 күндөн кечиктирбестен, конкурстун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюшат.
36. Конкурстун натыйжалары жөнүндө протокол 2 нускада түзүлөт, алардын бири жеңүүчүгө берилет, ал эми экинчиси конкурстун уюштуруучусунда калат. Конкурстун натыйжалары жөнүндө протокол жеңүүчү менен келишим түзүү үчүн негиз болуп саналат.
37. Жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимге конкурс аяктагандан жана конкурстун натыйжалары жөнүндө протокол жол-жоболоштурулгандан кийин он күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсү жана мамлекеттик жаратылыш паркынын тиешелүү жетекчилиги тарабынан кол коюлушу керек.
38. Келишимге кол коюу үчүн жеңүүчүнүн ушул Жободо көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө келбөөсү, ошондой эле жеңүүчүнүн күнөөсү боюнча келишимдин жол-жоболонушунун кармалышы, келишимге кол коюудан баш тартуу катары каралат. Жүйөөлүү себептер болгондо конкурстун уюштуруучусу келишимге кол коюунун мөөнөтүн узартууга укуктуу (ооруп калгандыгы).
39. Жеңүүчү жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимге кол коюудан баш тарткан учурда, жаңы конкурс жарыяланат.
40. Конкурстук комиссия тарабынан конкурс өтпөгөн деп таанылат, эгерде:
конкурстук сунуштарды берүүнүн белгиленген мөөнөтү ичинде бир дагы конкурстук сунуш берилбесе;
конкурстун уюштуруучусу тарабынан бекитилген конкурстук комиссиянын чечимине ылайык, конкурсту өткөрүүдө конкурстун катышуучуларынын бири дагы жеңүүчү деп таанылбаса;
конкурстун жеңүүчүсү конкурстун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюудан, жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимди түзүүдөн четтесе;
ушул Жободо каралган негиздер боюнча бардык талапкерлерге конкурска катышуудан баш тартылса.
Конкурстук комиссиянын конкурсту өтпөгөн деп таануу жөнүндө чечими протокол менен жол-жоболоштурулат, ага конкурстук комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү тарабынан кол коюлат, ошондой эле конкурстун уюштуруучусу тарабынан бекитилет.
41. Конкурстун уюштуруучусу конкурстун катышуучуларынын дооматтарын кабыл албайт жана конкурсту өтпөгөн деп жарыялоодо алардын алдында жоопкерчилик тартпайт.
42. Конкурс ушул жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жараксыз деп таанылат.