Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-январы № 3/2
Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Каралуучу маселе боюнча Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ч.Жеңишбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-36-беренелеринин
Талаптарына ылайык Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши 2017-жылга иш план бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
Төрага | Ч. Жеңишбеков |
| Чолпон айыл аймагынын айылдык кенешинин 16.02.2017-ж. №3/2 токтомуна тиркеме |
№ | Карала турган маселелер | Мооноту | Ким отчет,билдируу берет | Жыйынтык |
|
| |||
1 | Айылдык Кеңештин иш планын талкулоо жана бекитүү | I квартал | Айылдык Кеңештин төрагасы Ч.Жеңишбеков |
|
2 | Айыл өкмөттүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2017- жылга карата бюджетинин бош калган каражатын талкуулоо жана бекитүү | I квартал | Башкы эсепчи |
|
3 | 2017-жылдын жазгы айдоо-себүү иштери, эмгек акы,күйүүчү май нормаларынын наркы жана техникалардын даярдыгы | I квартал | Айыл аймагынын башчысы А.Карбозов |
|
4 | Туруктуу комиссиялардын жылдык иш планын талкулоо жана бекитүү | I квартал | Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|
5 | Жайыт комитетинин 2016-жылга карата аткарган иштери, бюджетинин аткарылышы | I квартал | Жайыт комитетинин төрагасы У.Өмүрбеков |
|
6 | Айыл аймактын сугат жерлеринин суу менен камсыз болушу, суу пайдалануу тартиби | I квартал | Айыл аймагынын башчысы А.Карбозов |
|
7 | “Чоң-Туз” шахтасынын абалы | II квартал | Айыл аймагынын башчысы А.Карбозов |
|
8 | Чолпон айыл аймагынын социалдык объектилеринин абалы,иши | II квартал | Соц.объектилер боюнча туруктуу комиссиялардын төрагасы |
|
9 | «Туу Чолпон» коомдук бирикмесинин отчету, көзөмөлдөө, ишин жандандыруу | II квартал | Коомдун жетекчиси Саты уулу Бакыт |
|
10 | Чолпон айылдык аймагында тазалык маселеси.Тазалык жыйындардын отчету (кайда,кандай максатта жумшалууда) | II квартал | Айыл аймагынын башчысы А.Карбозов |
|
11 | Туруктуу комиссияларда каралган маселелер жана алардын аткарылышы боюнча комитеттердин отчету | II квартал | туруктуу комиссиялардын төрагасы |
|
12 | Күзгү оруу-жыйуу иштерине даярдык, эмгек акы наркы, техникалардын даярдыгы | III квартал | Айыл аймагынын башчысы А.Карбозов |
|
13 | ФАП жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун иши | III квартал | Айыл аймагынын башчысы А.Карбозов |
|
14 | Айыл аймактагы китепкана жана маданият үйлөрүнүн иши |
| Айыл аймагынын башчысы А.Карбозов |
|
15 | Социалдык объектилердин кышка даярдыгы | IV квартал | Айыл аймагынын башчысы А.Карбозов |
|
16 | Жайыт комитетинин аткарган иштери жөнүндө бир жылдык отчету | IV квартал | Жайыт комитетинин төрагасы У.Өмүрбеков |
|
17 | Айылдык Кеңештин бир жылдык отчету | IV квартал | Айылдык Кеңештин төрагасы Ч.Жеңишбеков |
|
18 | Туруктуу комиссиялардын бир жылдык отчету | IV квартал | Айылдык Кеңештин төрагасы Ч.Жеңишбеков |
|
19 | Айыл өкмөтүнүн бир жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө маалымат | IV квартал | Айыл аймагынын башчысы А.Карбозов |
|
Төрага | Ч. Жеңишбеков |