Редакцияот 06.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 06-майы № 27-37/121

Коомдук алдын алуу борборунун жобосун бекитүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” мыйзамынын 14-беренесинин, укук тартиби, коргоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде, Коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу, Жаӊы-Алыш айыл аймагында укук бузуулар жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө ИИБ менен өз ара байланышта иштөөнү бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Коомдук алдын алуу борборунун жобосу бекитилсин.

2. Коомдук алдын алуу борборунун жобосун

Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгы тарабынан каттодон өткөрүү жана мөөрүн, штампын алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Коомдук алдын алуу борборунун уставын

Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгы тарабынан каттодон өткөрүү, мөөрүн, штампын жана «Ак-сакалдар» сотунун мөөрүн, штампын алуу, үчүн жергиликтүү бюджеттен КААБ ка каралган акча каражатынан бөлүнүп берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

К.А.Абдылдаев