Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 03-майы № 119
Токтогул шаарында катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруу жана иш аткарып берүү үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндөгү” 14.01.2015-жылдагы № 06 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26-октябрь 2000-жылдагы № 637 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо жөнүндөгү” тартибининин негизинде, Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасы тарабынан катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруусу үчүн иштелип чыккан тарифтер атайын эксперттин кароосунан өтүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад областтык бөлүмү менен макулдашылган.
Сунушталган тарифтердин өлчөмү жөнүндө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 1-майынан баштап Токтогул шаарында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн тарифтер ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Ажатканаларды тазалоо үчүн тарифтик төлөм - 2500 сом өлчөмүндө калтырылсын (эсептөөсү тиркемеде).
3. Шаар аймагындагы ар бир кожолуктагы жашоочулардын санына жараша, юридикалык (мекеме, ишканалар) жактар, соода-сатык жүргүзүүчүлөр, тамак –аш сатуучу, кызмат көрсөтүүчү жайлар менен эки тараптуу келишимдерди түзүп, бекитилген тарифтерди чогултуу боюнча жоопкерчилик “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору А.Маранбаевге жүктөлсүн.
4. Шаар тургундары, юридикалык жактар жана башкалар, көрсөтүлгөн коммуналдык кызмат үчүн, бекитилген тарифтерге ылайык өз убагында, толугу менен акы төлөөгө милдетүү экендиги белгиленсин жана бул багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
5. Жашоочулардын айрым категорияларына мыйзамдарда белгиленген тартипте катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга акы төлөө боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен жеңилдиктерди берүү тартиби иштелип чыгып, 6 айдын жыйынтыгы боюнча сессияга сунуштоо жагы мэрияга милдеттендирилсин.
6. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
8. Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 2015-жылдын 14-мартындагы кезектеги VII сессиясынын № 37 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
9. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
10Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
11. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Рахманкулов |
| Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 03.05.2017-жылдагы кезекcиз XXV сессиясынын № 119 токтомуна Тиркеме |
№ | Мазмуну | Өлчөө бирдиги | Сумма / ай сайын |
1 | Шаар аймагындагы ар бир физикалык жак (жашоочу) үчүн |
| 10 сом |
2 | Юридикалык жактар үчүн (мекеме, ишканаларга) | 1м3 | 323 сом |
3 | Азык-түлүк, жашылча сатуучулар үчүн (ээлеген аянтына жараша) | 1м2 | 4 сом |
4 | Оюнчук, кийим-кече, чарбалык товарлар, үй-тиричилик жабдуулар, эмеректер, жана башка сатуучулар, тамак-аш сатуучу жана кызмат көрсөтүүчү жайлар үчүн (ээлеген аянтына жараша) | 1м2 | 2 сом |
№ | Аткарылуучу жумуштар | Өлчөө бирдиги | Саны | Баасы (сом) | Сумма (сом) | |
1. | Күйүүчү май (дизтопливо) | л | 10 | 37 | 370 | |
2. | Майлоочу май (дизмасло) | л | 0,4 | 90 | 36 | |
3. | Эмгек акы | саат | 3 | 60 | 180 | |
4. | Транспорттун амортизациялык чыгымы | саат | 3 | 500 | 1500 | |
5. | Төгүлгөн ажаткана таштандысын көмүү | саат | 1 | 414 | 414 | |
| Жалпы: | 2500 | ||||
Жооптуу катчы: | С.Наралиева |