Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралы № 3-5
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жылга иш планы бекитилсин (тиркеме №1 тиркелет 2 баракта).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Иманбердиевага тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т.Ыдырысов |
| Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 20-февраль 2017-жылдагы №3-5 токтомуна №1 тиркеме |
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Айылдык Кеңештин 2017-жылга иш планын бекитүү | 1-квартал | Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиева |
2 | 2016-жыл ичиндеги айыл өкмөт башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу | 1-квартал | Айыл өкмөт башчысы К. Чоробеков |
3 | Айыл өкмөттүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жыл үчүн бюджетти бекитүү | 1-квартал | Туруктуу комиссиянын төрагасы К. Айдыралиев, Айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиев |
4 | Айылдын жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы, базардагы сатылган эт, сүт азыктарынын абалы жөнүндө. | 2-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров, «Көрктүү аймак» ишканасы, СЭСтин башкы дарыгери Ж.Токтобекова, вет башкармалыктын башчысы А.Маданбеков
|
5 | Айылдагы жазгы айдап-себүү, сугат жана көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы жөнүндө. | 2-квартал | Айыл өкмөттүн жер адиси К.Асаналиев, туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Сейитказиев, райондук суу чарба башкар-н башчысы Т. Мусаев, жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиев
|
6 | Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча иштеринин абалы жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн жер адиси К.Асаналиев, туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Сейитказиев
|
7
| Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндө (соода- сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин аныктоо) | 2-квартал | Айыл өкмөттүн кызматкерлери, Асанкул уулу Рахат, туруктуу комиссиянын төрагасы К. Асаналиев, райондук архитектуранын башчысы М.Муталипов, Экотех инспекциянын Ат-Башы району боюнча инспектору Б.Жумабаев |
8 | 2017-жыл «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата айылдын аймагында жасалып жаткан иштери жөнүндө
| 3-квартал
| Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров
|
9 | 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу | 3-квартал | Айыл өкмөт башчысы К. Чоробеков, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Э. Абдымамытов |
10 | Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
| 3-квартал | Айыл өкмөттүн жетектөөчү адиси К.Казиева,туруктуу комиссиянын төрагасы К. Молдоянова |
11 | Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары жөнүндө | 3-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров |
12 | Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы жөнүндө. | 4-квартал | Айыл өкмөттүн жер адиси К.Асаналиев, туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Сейитказиев, жайыт комитетинин башчысы, жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиев
|
13 | Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштеринин абалы жөнүндө | 4-квартал | Туруктуу комиссиянын төрагасы М. Акматалиев |
Жооптуу катчысы | Т. Иманбердиева |