Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Депутаттардын Жаны-Арык айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 03-апрели №5/3-1
Жаны-Арык айыл аймагындагы айылдарга көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн Правда айылындага Жаны чек көчөсүнүн атын алмаштыруу боюнча элден түшкөн арызды угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7-беренесин негиз кылып Жаны-Арык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн Правда айылындагы Жаны чек көчөсүнүн атын маркум Эмгек ардагери Буркан ата аты ыйгарылсын.
2. Жаныдан аталышка ээ болгон Буркан ата көчөсүнүн аты жазылган белгилерин жаздырып илдирүү жана жарыктандыруу,жолдорун ондоо көчөнүн атын алган Буркан Бегматовдун балдарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айылдык кенешинин Социалдык,маданий агартуу,спорт жана жаштар менен иштөө маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Осумбеков |