Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 5/3-2
Жаны-Арык айылы 17.02.2017-жыл Жаны-Арык айыл аймагындагы айылдарга көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн Правда айылындага Жаны чек көчөсүнүн атын алмаштыруу боюнча элден түшкөн арызды угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7-беренесин негиз кылып Жаны-Арык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн Правда айылындагы Кыргызстан көчөсүнүн атын маркум Эмгек ардагери Кадыров Камыт аты ыйгарылсын.
2. Жаныдан аталышка ээ болгон Кадыров Камыт көчөсүнүн аты жазылган белгилерин жаздырып илдирүү жана жарыктандыруу,жолдорун ондоо көчөнүн атын алган Камыт Кадыровдун балдарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айылдык кенешинин Социалдык,маданий агартуу,спорт жана жаштар менен иштөө маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Осумбеков |