Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-январы № 1
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө”№ 403 сандуу токтомуна ылайык Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2017-жылдын 7-февралындагы кезексиз 3-сессиясында талкууланып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Акназаров айылдык аймагынын калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айылдык аймактын администрациялык борбору болуп саналган калктуу пунктан тышкары жетектөөчү адистин деңгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинен “Айыл башчысы” кызмат орду 2 штаттык бирдик бекитилсин.
3. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Бакай-Ата райондук каржы бөлүмү тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын.
4. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Тынысовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |
| Тиркеме №1“БЕКИТЕМИН” Акназаров айылдык Кенешинин төрагасы Р.Рысматов ________________ 07-февраль 2017-жыл. Акназаров айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны |
Кызматтардын аталышы | Айыл өкмөтүнүн калкынын саны 7340 адам |
7 ден 10го чейин | |
Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
Жооптуу катчы | 1 |
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы | 1 |
Киреше боюнча башкы адис | 1 |
Жер маселелери, муниципалдык менчик ж-а ӨК боюнча башкы адис | 1 |
Юрист башкы адис | 1 |
Мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу маселелери боюнча башкы адис | 1 |
Чыгаша боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Соц.коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча жетектөөчу адис | 1 |
Киреше боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Иш кагаздарын алып баруучу адис | 1 |
Киреше боюнча адис | 1 |
Жыйынтыгы: | 12 |
| |
Жетектөөчү адис –айыл башчы (айыл тургундарынын жыйналышынын макулдугу менен) | 1 |
Жетектөөчү адис –айыл башчы (айыл тургундарынын жыйналышынын макулдугу менен) | 1 |
|
|
|
|
Жыйынтыгы: | 2 |
Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер: ТТК МТК |
|
Кароолчу | 1 |
Жыйноочу | 1 |
Жыйынтыгы: | 2 |
Төрага | С.Шабданова |