Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-февралы № 27-5
Араван районунун С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-жылда аткарылышы жана 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы Р. Базарбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча корутундусунун негизинде айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун 47-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы Р. Базарбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетинин жалпы көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 31 млн 388 миң 200 сом менен бекитилсин. Анын 6 млн 262 миң 800 сому теңдештирүүчү грант, ал эми 25 млн 125 миң 400 сому жергиликтүү бюджет экендиги белгиленсин. Айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттар тиркемеге ылайык белгиленсин. (№1-тиркеме тиркелет)
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги параметрлеринин божомолу жактырылсын. Киреше жана чыгаша бөлүгүнүн теңдештирүүчү гранттын божомолу 2018-жылга 5 млн 742 миң 500 сом, 2019-жылга 5 млн 259 миң 200 сом, ал эми жергиликтүү бюджеттин болжолу 2018-жылга 25 млн 734 миң 400 сом, 2019 -жылга 27 млн 28 миң 400 сом суммасында бекитилсин жана 2018-2019-жылдарга жактырылган айыл өкмөтүнүн бюджетинин божомолдуу параметрлери алар кабыл алынган ар бир конкреттүү жылда каттоого алынсын.
Чыгымдарды каржылоо боюнча биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, тамактануу жана жеңилдиктер) ошондой эле коммуналдык чыгымдарга каржылансын. Чыгашалардын каралган беренелери штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын каралган беренелерин штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын каралган беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
2016-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл Өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы кирешелер боюнча 2017-жылдын 1-январына карата кирешеден калган калдыгына кошуп эсептегенде 522 миң 300 сом жергиликтүү бюджетинен жана 106миң 500 сом атайын каражатынан жалпысы болуп,628 миң 800 сом артыкчалыгы менен бекитилсин.
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше булактары боюнча 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыгын жумшоо жагы тиркемеге ылайык белгиленсин. (№2-тиркеме тиркелет)
С.Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу болгон жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн № 22211200 “Жайыт жерлеринен пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр” беренесине толугу менен кошулсун.
Жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрүнүн 3ү2 бөлүгү жайыт комитеттеринин чыгашылырына , калган бир бөлүгү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелеринин чечүү үчүн жумшалсын.
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн администрациясы айылдык кеңештин сессиясынын макулдугу менен төмөнкүлөргө укуктуу:
- Эгерде бул айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүү киргизүүгө:
- Кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга:
Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Базарбаевге, ал эми аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |
| С.Юсупова айылдык Кеңешинин 4 -чакырылышынын 27- сессиясынын №27-5-токтомуна №1 тиркеме 2017-жылдын айылдык бюджети: |
1 КИРЕШЕЛЕР
-Киреше салыгы (подоходный налог) 9127,0
-Бирдиктүү салык 10,0
-Мажбурлап алынуучу патент 280,0
-П атент 7160,0
-Кыймылсыз мүлк салыгы 260,0
-Транспорт салыгы 1143,4
-үй тамаркалардын жер салыгы 189,7
-үлүш жерлердин жер салыгы 1008,7
-Айыл чарбасы эмес жерлердин жер салыгы 400,0
-Сатуудан түшүүчү салык 2035,0
-Роялти 43,0
-МФЖ жерлеринин ижара акысы 1724,0
-Таштандыларды ташуу боюнча тушум 249,6
-Недр 110,0
-Жакынкы жайыттардын ижарасы 5,0
-Атайын каражаттардын түшүүчү акча. 600,0.
-Айыл чарба эмес багыт жерлерди сатуудантүшкөн акча 300
-Тендештирүүчү грант 6262,8
Жайыт жерлерини пайдалануучу төлөм 480,0
Кирешелердин жыйынтыгы: 31388,2
2 ЧЫГАШАЛАР
-Башкаруу органдарына 10335,2
-Билим берүүгө 6898,6
-Социалдык камсыздоого 1300,0
-Маданиятка 639,3
-Айыл чарбасына 780,0
-ЖКХ 7335,1
-Балдар бакчасына 4100,0
Бардык чыгашалардын жыйынтыгы: 31388,2
| С.Юсупова айылдык Кенешинин 4 -чакырылышынын 27- сессиясынын №27-5-токтомуна №2-тиркеме |
№ | Аталышы | Берене | Суммасы |
|
1 |
|
|
|
|
2 | Билим берүүгө | 22321100 | 522,3 |
|
3 |
|
|
|
|
| Бардыгы: |
| 522,3 |
|
№ | Аталышы | Берене | Суммасы |
1 | Тамак аш балдар бакчасы | 22181100 | 106,5 |
Төрага | Б.Маннанов |