Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 28/3
Исфана шаар мэриясынын карамагындагы кайрак айдоо жана жайыт жерлерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын карамагындагы жана жайыт жерлерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө Исфана шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 10-беренелерине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын карамагындагы №410-контурдагы 2,0га кайрак айдоо жерин калктуу конуштардын (шаарлардын, шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери категориясына которууга макулдук берилсин. (Экспликация тиркелет)
2. Исфана шаар мэриясынын карамагындагы 2,0га кайрак айдоо жерлерин трансформациялоо жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтом шаардык Кенештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gomsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура жана коммуникация, коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |
| Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын №28/3 токтомунун тиркеме |
Исфана шаарынын карамагындагы жайыт жерлердин тандалган жер участогунун
ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ
Катар № | Контур № | Бардык жер га. | Анын ичинен га | Эскертүү | |||
Кайрак айдоо | Таштак айдоо | Чоп чаб-ы | Жараксыз жерлер | ||||
1 | 1049 | 0,10 | - | 0,10 | - | - | Мегаком |
2 | 361 | 1,0 | - | 1,0 | - | - | Корктон-у |
3 | 183 | 2,0 | - | 2,0 | - | - | Онор жай |
4 | 410 | 2,0 | 2,0 | - | - | - | Калктуу конуш |
| Бардыгы | 5,10 | 2,0 | 3,10 | - | - |
|
Жооптуу катчы | З. Туяков |
Исфана шаар мэриясынын айыл чарба жана жер боюнча башкы адиси м.а. |
Х. Мамыров |