Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябры № 29/2
Исфана шаар мэриясынын алдында “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаар мэриясынын алдында Исфана таза суу муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын алдында “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиктери тиркемеге ылайык бекитилсин (Штаттык бирдиктер тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gomsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |
| Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 29\2-токтомуна тиркеме |
Исфана таза суу муниципалдык ишканасынын штаттык
САНЫ
№ | Кызматтардын аталышы | Саны |
1 | Жетекчи | 1 |
2 | Инженер | 1 |
3 | Эсепчи | 1 |
4 | Казыначы | 1 |
| Кызматкерлер (тейлөөчү персонал) |
|
5 | Сантехник | 4 |
6 | Механик | 1 |
7 | Оператор | 1 |
8. | Контролер | 5 |
9. | Айдоочу | 1 |
10. | Техникалык кызматкер | 1 |
11. | Күзөтчү | 5 |
12. | Санитардык гигиеналык лаборант | 1 |
13. | Жумушчу | 2 |
| Жалпы: | 25 |
Жооптуу катчы | З.Н. Туяков |