Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябры № 29/3
2016-2018-жылдарга Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан “Жайыттарды башкаруунун жамаатык планына” кирген инвестициялык объектилердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Исфана жайыт комитетинин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 17-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-2018-жылдарга Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан “Жайыттарды башкаруунун жамаатык планына” кирген инвестициялык объектилердин тизмеси бекитилсин (Тизме тиркелет).
2. Жайыт комитетине берилүүчү атайын техникаларды сатып алууга каралган 2 200 000 сом акча каражатынын 25% ы Исфана шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон откорулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gomsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |
| Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 29/3 -токтомуна тиркеме |
2016-2018-жылдарга каралган инвестициялык объектилердин тизмеси
№ | Объектилердин аталышы | Каралган сумма (сом менен) |
| Ала-Тамыр участкасындагы скважинаны реабилитациялоо | 380 000 |
| Стришка участкасында малдарды киринтуучу жайды реабилитациялоо | 500 000 |
| Жайыттагы булактарды каптаждап, мал суу ичуучу таноолорду орнотуу. Зыгырлык жана Сасык-Булак участкалары | 50 000 |
| Деградация болуп кеткен жайыттарга коп жылдык чоптун уругун сатып алуу жана себуу | 735 000 |
| Куноскана куру. Тайлан айылы | 800 000 |
| Малдарды уруктандыруу пунктун иштетуу | 80 000 |
| Гисар тукумундагы койлордун башын кобойтуу | 50 000 |
| Малдардын ден соолугун коргоо топторуна комок корсотуу | 100 000 |
| Голбо, Ак-Булак, Мурза-Патча айылдарына, коопсуз жерлерге Беккер ямаларын куруу | 380 000 |
| Феремерлер арасында малды жайында (уй шартында) сенаж даярдап багуу учун тоют даярдоо боюнча эксперимент жасоо | 80 000 |
| Исфана шаарында момо-жемиштерди кургатуучу цех ачуу | 800 000 |
| Голбо, Мурза-Патча айылдарына ветеринардык аптекаларды ачуу | 380 000 |
Жайыт комитетинин төрагасы | Ү. Мамыров |