ТоктомКүчүндө

Садыр аке айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 12-майындагы № 16 «Аксакалдар сотун каттоо жөнүндө» токтому

Редакция10.06.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVII чакырылышындагы III сессиясы

 

2017-жылдын 12-майы № 16

Аксакалдар сотун каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 5-июлундагы № 113 «Аксакалдар жөнүндөгү» мыйзамынын 12-беренесине жана 2017-жылдын 19-апрелиндеги өткөн элдик жыйындын протоколунун негизинде Эл депутаттарынын Садыр аке айылдык Кеңешинин ХХVII–чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгү Садыр аке айыл аймагынын тургундары аксакалдар соттору болуп катталсын.

1. Карабеков Курман

2. Рашев Талапай

3. Вышемирский Василий

4.Токчулуков Бектурсун

5. Сереков Бексултан

6. Скабелкина Евгения

7. Шадыканов Асек.

2.Облустук Юстиция башкармалыгынан ушул токтомду Мамлекеттик реестрге киргизип берүү жагы суралсын

Бул токтом Облустук юстиция Министрлигинен каттоодон өткөрүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Аруновго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж.Кадыркулов