Загрузка документа…
(Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылдын
9- ноябрындагы № 27-17/3 токтому менен жокко чыгарылган)
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-августу № 27-16/10
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2012-жылдын 28-сентябрындагы "Каракол шаарынын муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине акылуу менчик укугун берүүнүн же ижаранын тартиби жана шарттары жөнүндөгү"№27-7/1 токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсинин башчысы К.Т.Кожобаевдин 2017-жылдын 6-июнундагы, кир.№01-7/292, Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси С.Ж.Кубатовдун 2017-жылдын 23-июнундагы, кир.№01-7/321, Каракол шаарынын прокурорунун орун басары М.Кадырбековдун 2017-жылдын 19-июлундагы, чыг.№11-н жана Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин 2017-жылдын 25-июлундагы кир.№01-7/401 каттарын угуп жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Президиумдун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Каракол шаарынын муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине акылуу менчик укугун берүүнүн же ижаранын тартиби жана шарттары жөнүндөгү" Жобонун 5-бөлүмүнүн, 31-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: "Бул Жобонун, 11-пунктунда көрсөтүлгөн, жер тилкелерин тариздөөгө байланыштуу чыгымдар, юридикалык жана физикалык жактар (арыз ээлери) тарабынан, шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарымдуу органына, жерди жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо ыйгарымдуу мамлекеттик органына жана башка ыйгарымдуу органдарга, алар берген эсептөөлөргө ылайык жүргүзүлөт. Сатыкка өз алдынча бирдик катары коюла турган жер тилкелерин тариздөөсүнө байланыштуу чыгымдарды, сатыктардын жеңүүчүсү, ижара келишимин түзгөнгө чейин төлөйт".
2. Токтомдун мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик, анын кабыл алынышынын демилгечиси – ММБДнин башчысы К.Т.Кожобаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |