Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-ноябры № 27-17/3
"Каракол шаарынын муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине акылуу менчик укугун берүүнүн же ижаранын тартиби жана шарттары жөнүндөгү" Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2012-жылдын 28-сентябрындагы, №26-7/1 токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү" Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылдын 8-августундагы, №27-16/10 токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү,Каракол шаарынын прокурору Р.Т.Аманатовдун,2017-жылдын 6-сентябрындагы, чыг.№11-н протестин карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын, XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2012-жылдын 28-сентябрындагы, №26-7/1 "Каракол шаарынын муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине акылуу менчик укугун берүүнүн же ижаранын тартиби жана шарттары жөнүндөгү" токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылдын 8-августундагы, №27-16/10 токтому жокко чыгарылсын.
Каракол шаарынын мэри:
2.- "Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылдын 8-августундагы, №27-16/10 "Каракол шаарынын муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине акылуу менчик укугун берүүнүн же ижаранын тартиби жана шарттары жөнүндөгү" токтомунун 2-пунктунун негизинде, Каракол шаарынын мэриясынын ММБДнин башчысы К.Т.Кожобаевге, юридикалык жактан туура эмес токтомдун долбоорун даярдап, сессиянын кароосуна киргизгендиги үчүн, тиешелүү чараларды көрсүн;
- ММБДсинин башчысы К.Т.Кожобаев жөнүндөгү чечимди кабыл алууда, анын Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин айрым токтомдорун аткаруудагы олуттуу кемчиликтери эске алсын;
3. Каракол шаарынын мэриясы, ММБД жана Каракол шаарынын прокуратурасы менен бирдикте, "Каракол шаарынын муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине акылуу менчик укугун берүүнүн же ижаранын тартиби жана шарттары жөнүндөгү" Жобону, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулуктун талаптарына ылайык келтирип, 10 күндүк мөөнөттө, Каракол шаардык депутаттар Кеңешине сунуштарды берсин.
4. ММБД өз ишинде, эскертүүлөрдү жана талаптарды жойбосо, Каракол шаарынын мэри жоопкерчилик тартат.
5. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевге жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |